Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылаыйык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин электр энергиясы Элебесов, Абаданов, Жоон-Дөбө, Кантемир көчөлөрүндө жана Арча-Бешик, Ала-Тоо, Мурас-Ордо, Ынтымак конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору болуп Кеңешбай Тайлаков дайындалды

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору болуп Кеңешбай Тайлаков дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.   Ал буга чейин агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеп келген.

Атайын кызматтын ишинин жүрүшүндө алынган каражат мамлекеттик бюджетке которулат

Атайын кызматтын ишинин жүрүшүндө алынган каражат мамлекеттик бюджетке которулат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Ведомстводон белгилешкендей, өткөн жылдын октябрь айынан бери мамлекетке 5 милли он сомдон ашык кайтарылды. Анын эки миллиону – кыймылсыз мүлк түрүндө болсо, калганы каражат менен түштү.  … Кененирээк…

Олимпиадага жолдомо уткан эки кыргыз балбан кыз Азия чемпиондугунун финалына чыкты

15-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери өтүүдө. Бүгүнкү беттеште кыз-келиндер боюнча курама командалар ат салышууда.   Турнирге 68 килограмм салмакта катышкан Мээрим Жуманазарова жарым финалга чейин жетип, анда түштүк кореялык Ен Сун Жонг менен кез келип, атаандашынын үстүнөн таза жеңишке жетти. Эми финалда… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы кызыл зонага барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде Бишкектеги республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы кызыл зонага барды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы врачы Гүлжигит Аалиев учурда 354 бейтап дарыланып жатканын, алардын 14ү өтө оор абалда, 144ү оор абалда экенин маалымдады. Ал медициналык мекеменин иши, бейтаптарды дарылоо жана медициналык… Кененирээк…

Жыл башынан бери Кыргызстандын экономикасы 9,4% начарлады

Кыргызстанда ички дүң өнүм (ИДӨ) быйылкы жылдын январь-март айларында, баштапкы эсептөө боюнча, 118 миллиард сомдон ашык сумманы түзүп, былтыркы жылдын январь-мартына салыштырганда 9,4 пайыз төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.   «Кумтөр» кени боюнча ишканаларды эске албаганда быйылкы жылдын алгачкы үч айында ИДӨнүн көлөмү… Кененирээк…

Жергиликтүү шайлоодогу айрым добуштар жокко чыгарылды

Кыргызстанда жергиликтүү шайлоодо имараттан тыш берилген жүздөгөн добуштар жокко чыгарылды. Бул тууралуу 15-апрелде “Азаттык” радиосуна Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.   Бирок, анын айтымында, мындай чечим шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир этпейт:   “Жалпы республика боюнча 15 участокто 461 добуш жокко… Кененирээк…

Жарандары Кыргызстанга визасыз кире турган өлкөлөр тизмеси кеңейтилүүдө

Жарандары Кыргызстанда эки айга чейин визасыз жүрүүгө укуктуу чет мамлекеттердин тизмесине дагы тогуз өлкөнү кошуу тууралуу мыйзам долбоору бүгүн 15-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланды.   Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров алар Албания, Болгария, Вьетнам, Израил, Кипр, Түндүк Македония, Румыния, Таиланд жана Мексика… Кененирээк…

Бишкектин “Рухий-Мурас” конушунда жаңы мектеп пайда болот

Бишкектин “Рухий-Мурас” конушунда жаңы мектеп пайда болот. Мэрия  700 окуучуга эсептелген билим берүү мекемесин курууга тендер жарыялады. Курулушка 156 миллион сомдон ашык жумшалат.   Каражат шаар бюджетинен бөлүнөт.

Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 17-20-май аралыгында өтөт

Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 17-20-май аралыгында өтөт. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.   Анын айтымында, кененирээк маалымат борбордун сайтында жеткиликтүү. Белгилеп кетсек, кошумча каттоо өз убагында жетишпей калгандар үчүн каралган процедура. Негизги каттоо 9-апрелде жыйынтыкталды.