Кыргызстанда мамлекеттик органдардын штатын кыскартуу пландалууда

Кыргызстанда мамлекеттик органдардын штатын кыскартуу пландалууда. Экономика жана каржы министри Улукбек Карымшаков билдиргендей, бул маселе көптөн бери турат. Анык канча адамдын орду кыскартылат, азырынча белгисиз. Учурда өзгөчө бириктирилген ведомстволор боюнча аналитикалык иштер жүрүп жатат. Кыскартуулар укуктук камсыздандыруу, каржы, адам ресурстары башкармалыктарына жана жалпы бөлүмдөргө туура… Кененирээк…

Америкалык эркек сүйүктүүсүнүн колун өзгөчө ыкма менен сурады

Америкалык эркек сүйүктүүсүнүн колун өзгөчө ыкма менен сурады. Ал сүйлөшкөн кызына вертолет менен экскурсия уюштуруп, асман тиреген курулуштун чатырына токтошкон. Бул жерден мырза тизелеп отуруп, кыздын беш манжасына тең шакек тартуулады. Ал мындай өзгөчөлүктү шакектердин кайсы бирин тандай албай, сүйүктүүсү өзүнө жакканын алсын деп түшүндүрдү.… Кененирээк…

Өлкөнүн түштүгүндө сел жүрүү коркунучу бар

Өлкөнүн түштүгүндө сел жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан эскертишти. 22-апрелге чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда суунун деңгээли жогорулап, сел капташы күтүлөт. Андан улам, жарандарга этият болуу сунушталат.

Бишкектеги Көк-Жар конушу канализацияга туташтырылат

Бишкектеги Көк-Жар конушу канализацияга туташтырылат. Мэриядан билдиришкендей, иштер конуштун 20-кварталында аткарылат. Долбоорду ишке ашырууга капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жарыялады. Сметалык баасы 18 миллион сомду түзөт. Каражат шаардык бюджеттен каралат. Сумманын бир бөлүгү быйыл берилсе, калганы 2022-жылы бөлүнөт.

Быйыл мектептерде мамлекеттик экзамендер болбойт

Быйыл мектептерде мамлекеттик экзамендер болбойт. Жыйынтык чейректин негизинде чыгарылат. Бул тууралуу 24 агенттигине мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынан билдиришти. Мындай чечим коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалдан улам кабыл алынды. Башкармалыктан белгилешкендей, жыйынтык чыгарууда талаш-тартыш жаралса, баалар көтөрмөлөнөт жана окуучулардын пайдасына чечилет. Эске салсак, былтыр… Кененирээк…

Россияда тик учактын ордун баса турган аэромобиль чыгарылат

Россияда тик учактын ордун баса турган аэромобиль чыгарылат. «Циклокар» аталышындагы унаа 600 килограммды көтөрүүгө ылайыкталып, ичине алты адамды батыра алат. Долбоорду Илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүнүн Теплофизиктер институту ишке ашырат. Техниканын узун-туурасы 6 метрден турат жана саатына 250 чакырымга чейин ылдамдыкта жүрө алат. Ал эми тыным… Кененирээк…

Россия Кыргызстанда үч билим берүү мекемесинин курулушун баштайт

Россия Кыргызстанда үч билим берүү мекемесинин курулушун баштайт. Биринчи комплекс Ошто, экинчиси – Чүй жана үчүнчүсү Ысык-Көл облусунда пайда болот, — дешти билим берүү министрлигинен. Ведомстводон белгилешкендей, каржылоо маселеси чечилди. Россия жалпысынан Кыргызстан аймагында 10 билим берүү комплексин курууну пландап жатат. Калган объектилер этабы менен… Кененирээк…

Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак пайда болду

Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак пайда болду. China News басылмасы билдиргендей, жабдуу туристтер көп барган Дуньхуан шаарында орнотулду. Бул аймактарда төөлөр да арбын болгондуктан, эки жак бири-бирине тоскоолдук жаратпаш үчүн жол чырактар коюлду. Жол чыракта төөнүн сүрөтү жашыл болуп күйгөндө төөлөр өтөт, бул учурда… Кененирээк…

Майда аномалдуу ысык аба-ырайы күтүлбөйт

Майда аномалдуу ысык аба-ырайы күтүлбөйт. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, кийинки ай жылуу жана жаан-чачындуу болот. Абанын орточо айлык температурасы нормага жакын болот. Ай ичинде абанын табы түнкүсүн +4төн +18 градуска чейин термелсе, күндүз +19дан 31 градуска чейин жылыйт. Жаан-чачын нормадан бир аз жогору болот. Көбүнчө жамгырдын… Кененирээк…

Ички иштер министрлиги 6 микроавтобус алды

Ички иштер министрлиги 6 микроавтобус алды. Ведомстводон билдиришкендей, унаалар милициянын көчмө түйүндөрүн ташууга пайдаланылат. Техникалар Ак-Талаа, Тоң, Москва, Кемин, Чаткал жана Аксы райондук ички иштер бөлүмдөрүнө бөлүштүрүлдү. Учурда Кыргызстан боюнча 49 көчмө түйүн иштеп жатат