Дубайда дүйнөдөгү эң бийик бассейн пайда болду

Дубайда дүйнөдөгү эң бийик бассейн пайда болду. Ал 293 метр бийиктиктеги чатырда жайгашып, жаңы рекордду жаратты. Суу толтурулган аянты 500 чарчы метрден ашат. Бассейнди сырттан караганда асмандан түшкөн көлдөй эле көрүнөт. Эбегейсиз жаңычылдык Гиннес рекорддор китебине киргизилди

Эртең ордо калаанын бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт

Эртең ордо калаанын бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт. “Түндүк электрден” билдиришкендей, саат 9дан кечки 6га чейин Калык Акиев, Фрунзе, Исанов, Жаш Гвардия бульвары, Чүй жана Манас проспектилеринде, ошондой эле “Балбан –Таймаш” конушунда жарык жок болот. Электрэнергиянын убактылуу чектелиши ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкектеги Шевченко көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери толук аяктады

Бишкектеги Шевченко көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери толук аяктады. Мэриянын маалыматына ылайык, иштер тилкенин Жибек Жолу проспектисинен Мичурин көчөсүнө чейинки бөлүктө аткарылды. Калыбына келтирүүнүн алкагында куруучулар асфальттын эски катмарын алып, люктарды тазалап, жаңы асфальт катмарын төшөштү. Учурда жол унаалар үчүн кыймылга ачык.

жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун дарегине КР Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Чүй жана Ош облустарынын кээ бир райондук сотторунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпысы 20 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Бул тууралуу президенттин… Кененирээк…

Бишкекте шаар күнү – 29-апрель жана Жеңиш күнү – 9-майга карата массалык иш-чара өткөрүлбөйт

Бишкекте шаар күнү – 29-апрель жана Жеңиш күнү – 9-майга карата массалык иш-чара өткөрүлбөйт. Мэриядан билдиришкендей, бул тууралуу эпизоотияга каршы комиссиясынын жыйынында айтылды. Майрамдык иш-чарага тыюу салуулар эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, жарандардын коопсуздугун сактоо максатында кабыл алынды. Эске салсак, былтыр дагы пандемиядан улам Жеңиш күнүндө жүрүш… Кененирээк…

Ошто 3 бала бакчанын курулушу жана Ак-Буура дарыясынын жээгин кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат

Ошто 3 бала бакчанын курулушу жана Ак-Буура дарыясынын жээгин кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемелери кеминде 100 орунга чакталат жана алар “Түштүк” кичирайонунда, Жапалак башкармалыгындагы Арек айылында пайда болот. Планга ылайык, 2 объекти быйыл жыл ортосунда пайдаланууга… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөө салттуу режимде өтөт

Жалпы республикалык тестирлөө салттуу режимде өтөт. Учурда 42 миңден ашык бүтүрүүчү катталды, — деп билдирди “Кабар” агенттигине мектеп жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова ЖРТ учурунда ар бир катышуучу социалдык аралыкты сактоо менен бет капчан отургузулат жана ар биринин дене табы… Кененирээк…

Каракол шаарынын көчөлөрүндө 25 миң түп гүл ачылат

Каракол шаарынын көчөлөрүндө 25 миң түп гүл ачылат. Калаанын жашылдандыруу ишканасынан билдиришкендей, буга чейин күнөсканага айдалган петуния гүлдөрү майдан тартып шаар ичиндеги клумбдарга, эс алуу бактарына, гүл бакчаларга отургузулат. Ишканадан белгилешкендей, кийинки жылы шаарды көрктөндүрүүгө көбүрөөк көңүл буруу пландалууда. Андан улам, 250 миң гүл батыра… Кененирээк…

Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза тапты

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза тапты. Ал быйыл июлда 79 жашка чыкмак. Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматова ооруканада көз жумган. Эскерте кетсек, Чыңгыз Айтматов экөөнүн Ширин жана Эльдар аттуу балдары бар.  

Бишкекте №72-мектептин кошумча корпусун куруу иштери жанданды

Бишкекте №72-мектептин кошумча корпусун куруу иштери жанданды. Мэриянын маалыматына ылайык, объекти 225 орунга чакталат. Долбоорду ишке ашыруунун сметалык наркы 37 миллион сомдон ашат. Андан тышкары, капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жарыялайт. Сынак мектептин эски жана жаңы корпустарын бириктирүүчү өтмөк галереясын куруу максатында өткөрүлөт