Өзбекстанда Улуу Жеңиштин ардагерлерине 1 миң 150 доллардан берилет
Өзбекстанда Улуу Жеңиштин ардагерлерине 1 миң 150 доллардан берилет. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койду. Андан тышкары тиешелүү мамлекеттик органдарга 9-майда карантин эрежелерин сактоо менен Ата Мекенди коргоочуларга арналган атайын жолугушууларды, маданий-агартуу кечелерин өткөрүү тапшырылды. Жарлыкты ишке ашырууга каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт.