Бишкекте балдар жана жаштар арасында муз үстүндө бийлөө боюнча Шаардык биринчилик старт алды

Бишкекте балдар жана жаштар арасында муз үстүндө бийлөө боюнча Шаардык биринчилик старт алды. Турнир 23-24-апрель аралыгында Бишкектеги Шаардык муз аянтында өтөт. Биринчиликке 40тан ашык спортчу катышат – алар балдар, жаштар, 18 жаштагы жана андан жогоркулар. Иш-чараны Бишкек шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана… Кененирээк…

Ардагерлерге акчалай жардам берилет

1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына жыл сайын бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөнү бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Өкмөттүн тийиштүү токтомуна ремьер-министр Улукбек Марипов кол койгон, — деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы. Аталган чечимге ылайык, 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн… Кененирээк…

Россиялыктар кийинки айдын башында 10 күн эс алышат

Россиялыктар кийинки айдын башында 10 күн эс алышат. Тагыраагы, 1-майдан 10-майга чейин катары менен дем алыш күн, — деп президент Владимир Путин жарыялады. Мындай чечим коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам кабыл алынды. Өлкө бийлиги белгилегендей, мындай чара вирустун тарашын азайтып, эпидемиологиялык абалга оң таасирин тийгизет.

Бишкекте апрелдин аягына чейин кургак жана жылуу болот

Бишкекте апрелдин аягына чейин кургак жана жылуу болот. Абанын табы кайрадан жогорулап, 25-апрелден тартып жагымдуу, жайдагыдай аба-ырайы күтүлөт. Бул дем алыш күндөрү бир аз салкын болот, кийинки эс алуу күнүндө жаратылышка чыгууга жакшы мүмкүнчүлүк болот. Синоптиктер убадалашкандай, күндүз +30 градус болсо, түнкүсүн +15 градустан төмөндөбөйт.

Кыргызстанда 1-июндан тартып унааларды кайра каттоо арзандайт

Кыргызстанда 1-июндан тартып унааларды кайра каттоо арзандайт. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, тиешелүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Улуттук кампания үстүбүздөгү жылдын 31-декабрына чейин созулат. Белгилеп кетсек, учурда Кыргызстан аймагына чет өлкөдөн киргизилген транспортту каттоого 5 пайыздык жана кайра каттоо үчүн унаанын рыноктогу орточо баасына… Кененирээк…

Кыргызстанга ири өлчөмдө кумшекер ташылып келет

Кыргызстанга ири өлчөмдө кумшекер ташылып келет. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинен билдиришти. Белгилеп кетсек, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши 15-майдан 30-сентябрга чейин кумшекерди кошумча нарк салыксыз ташып келүүгө тарифтик жеңилдик берүү жөнүндө чечим кабыл алды. Арменияга 22,4 миң тонна, Казакстанга — 134,4 миң тонна жана биздин өлкөгө… Кененирээк…

Ош шаарындагы Аалиев көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтөт

Ош шаарындагы Аалиев көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтөт. Калаа мэриясынан билдиришкендей, тилкенин 1 чакырымдан ашыгына асфальт төшөлүп, жаңы тротуар түшүрүлөт. Ирригациялык лотоктор алмаштырып, жарыктандыруу системасы жакшыртылат. Курулуш иштерине каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт. Планга ылайык, жумуштар майда башталып, жол күзгө чейин пайдаланууга берилет

Кыргызстан менен Казакстан биргеликте соода-логистикалык төрт борбор курат

Кыргызстан менен Казакстан биргеликте соода-логистикалык төрт борбор курат. Тиешелүү макулдашуу жетишилди, — деп билдирди айыл чарба министри Аскар Жаныбеков. Анын айтымында, Чүй облусунда үч борбор салынса, төртүнчүсү Ысык-Көлдө пайда болот. Объектилер товарларды Казакстанга экспорттоо үчүн жана транзит менен алып өтүү максатында тургузулат. Долбоорду казак тарап… Кененирээк…

Эттин чекене баасы жыл ичинде орточо эсеп менен 27 пайызга жогорулады

Эттин чекене баасы жыл ичинде орточо эсеп менен 27 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Бүгүнкү күндө уй этине болгон баа республика боюнча 450 сомду түзөт. Көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мөөнөтүнө салыштырмалуу 89 сомго жогорулады. Анын ортосунда өлкө боюнча кымбат баалар Нарында –… Кененирээк…

Кыргызстанда бардык каалоочулар коронавируска каршы кытайлык «Sinopharm» вакцинасын ала алышат

Кыргызстанда бардык каалоочулар коронавируска каршы кытайлык «Sinopharm» вакцинасын ала алышат. Мындай чечим коронавируска кабылгандар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды, — дешти “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен. Бул үчүн Бишкекте 15 бейтапканада эмдөө түйүнү иштеп жатат. Андан тышкары, өлкөгө россиялык «Спутник V» вакцинасын… Кененирээк…