Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9 жарымдан кечки 5ке чейин жарык Токтогул, Орозбеков, Киев, Раззаков, Васильев, Исанов, Некрасов, Алтымышев, Махатма Ганди жана Кулиев көчөлөрүндө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Кыргызстанга жакында COVAX программасынын алкагында 2 миллион  600 миң доза вакцина жеткирилет

Кыргызстанга жакында COVAX программасынын алкагында 2 миллион  600 миң доза вакцина жеткирилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жарыялады.   Анын айтымында, майда AstraZeneca жана Спутник V вакцинасынын келиши күтүлүүдө. Жарандар үч түрлүү препараттын кайсынысын ала турганын өздөрү тандап алат. Эске салсак, Кыргызстанда массалык… Кененирээк…

Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп Адилет Дубанаев дайындалды

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп Адилет Дубанаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов 23-апрелде кол койгонун Салык кызматынан кабарлашты.   Бүгүн, 26-апрелде Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басары ведомствонун жамаатына тааныштырылды. Ал салык жол-жоболорун санариптештирүү маселеси жаатында иш алып барат.   Адилет… Кененирээк…

Сүйүнчү! Таласта үч эм төрөлдү

Сүйүнчү! Таласта үч эм төрөлдү. Облустук төрөт бөлүмүнөн билдиришкендей, дарыгерлер дагы, эне дагы эгиздер жарыкка келет деп билишкен. Бирок 3 уул төрөлдү.   Эне-балдардын абалдары жакшы, алар учурда дарыгерлердин көзөмөлү алдында.

Кыргызстанга жаңы үлгүдөгү учак алып келди

Кыргызстанга «Airbus A220» тобундагы жаңы үлгүдөгү учак алып келди. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган учактын салону 145 орунга ылайыкташкан.   “Мындай жогорку үлгүдөгү авиалайнерди эксплуатацияга алуу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү иш-чара. Анткени акыркы жылдары жарандык авиация аксап жаткандыктан тоскоолдуктарды жеңүүгө… Кененирээк…

«Ынтымак» сейил багына Ленинград блокадасынын 80 жылдыгына карата бак-дарак отургузулду

Бишкектеги «Ынтымак» сейил багына Ленинград блокадасынын 80 жылдыгына карата бак-дарак отургузулду. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Билдирүүгө ылайык, сейил бакка 20 даана кызыл клён жана 20 даана лип дарагы отургузулду.   «Аталган иш-чарага Ленинград блокадасынын катышуучулары, студенттер жана окуучулар катышты. Иш-чарада курман болгондор эскерилди», —… Кененирээк…

Кыргызстан уурдалган эки жараны тууралуу Дүйшөмбүгө нота жөнөттү

Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргызстандык эки жаранды уурдоого байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Дүйшөмбүгө нота жиберди. Мекеменин маалыматында Тажикстандын укукка каршы жана мыйзамсыз иш-аракеттерине кыргыз тараптын тынчсыздануусу жазылган.   26-апрелде тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода менен жолугушкан. Анда… Кененирээк…

Перу бийлиги тургундарды коомдук жайларда дароо эки беткап кийүүгө милдеттендирди

Перу бийлиги тургундарды коомдуу жайларды дароо эки беткап кийүүгө милдеттендирди. Жаңы эреже соода борборлоруна, дүкөндөргө, супермаркеттерге, базарларга, дарыканаларга тиешелүү.   Андан тышкары, бул жерлерде көздү коргоочу атайын экрандарды дагы кийиш керек болот. Буга чейин Перунун ден-соолук институтунун окумуштуулары бир учурда медициналык жана кездеме маскасын тагынуу… Кененирээк…

Кыргызстанда быйыл 61 миң 546 окуучу мектепти аяктап жатат

Кыргызстанда быйыл 61 миң 546 окуучу мектепти аяктап жатат. Алардын  6,5 миңден ашыгы Бишкекке туура келет. Ал эми 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн саны 103 миңди түзөт.   Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Эске салсак, быйыл жалпы билим берүү мекемелеринде окуу жылы салттуу түрдө 25-майда… Кененирээк…

Каракол – Эңилчек унаа жолу 30-апрелге чейин жабык болот

Каракол – Эңилчек унаа жолу 30-апрелге чейин жабык болот. “Турмуш” басылмасынын маалыматына ылайык, өткөн жумада трассага эки кар көчкү түшүп, жол унаа кыймылына жабылган.   Учурда жеринде жолчулар иштеп жатат, ошондой эле атайын техника тартылды.