Бажы кызматы жыл аягына чейин “Санарип тамга” системасын бардык өткөрүү түйүндөрүнө киргизет

Бажы кызматы жыл аягына чейин “Санарип тамга” системасын бардык өткөрүү түйүндөрүнө киргизет. Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, өткөн жылдын декабрь айынан бери сыноо ирээтинде аталган система “Достук” өткөрүү түйүнүндө ишке киргизилген.   Учурда жаңы портал түзүлүп жатат. Анда Кыргызстан аймагына бажы аркылуу киргизилген товар жана… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринде акыркы коңгуроо кандай форматта өтөт, азырынча белгисиз

Кыргызстан мектептеринде акыркы коңгуроо кандай форматта өтөт, азырынча белгисиз. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Ведомстводон белгилешкендей, бардыгы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша болот. Эске салсак, мектептерде быйыл окуу жылы салттуу негизде 25-майда аяктайт. 11-классты 61 миңден ашык окуучу аяктап жатат.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги май айындагы эс алуулардын графигин эскертет

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги май айындагы эс алуулардын графигин эскертет. Алсак, 5-май (Конституция күнү), (9-май Жеңиш күнү жекшембиге туура келгендиктен) 10-май майрамдык эс алуулар жарыяланат.   Ошондой эле, кийинки айга Орозо айт туура келет. Анын так күнүн Айдын чыгышына карап муфтият бекитет.   Эске… Кененирээк…

Жайкы Олимпиада оюндарына лицензияга ээ болгон спортчулар учурда кызуу даярдык көрүп жатат

Жайкы Олимпиада оюндарына лицензияга ээ болгон спортчулар учурда кызуу даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу кененирээк Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бөлүм жетекчиси Марат Аскарбеков айтып берет.   “Лицензия алган спортчуларга биз бардык шарттарды түзүп берип атабыз. Алар көбүнчө окуу-машыгуу жыйындарында жүрүшөт. Андан тышкары, өздөрүнүн даярдыктарын… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Рыскулов, Тимирязев көчөлөрүндө, Арча-Бешик, Киргизия-1, Ынтымак конуштарында жана Чоң-Арык айылында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Өкмөт 5 IT-компаниясында кызматкерлердин санын азайтып, аларды бир мамлекеттик ишканага бириктирет

Өкмөт 5 IT-компаниясында кызматкерлердин санын азайтып, аларды бир мамлекеттик ишканага бириктирет. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын санарип трансформация бөлүмүнүн башчысы Таалай Байтереков билдирди.   Анын айтымында, мындай чара административдик персоналды кыскартып, жумушка программисттерди тартууга мүмкүнчүлүк берет.   Бул өз кезегинде, сапаттуу продукт чыгарып, аларды колдонууга шарт… Кененирээк…

Жылдын мыкты актеру Энтони Хопкинс уктап калып салтанатка катышпай калды

Жылдын мыкты актеру Энтони Хопкинс уктап калып салтанатка катышпай калды.   “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи 23-апрелге караган түнү Лос-Анжелесте өттү. Негизги номинацияда “Ата” тасмасындагы башкы ролу менен 83 жаштагы Энтони Хопкинс жеңүүчү аталды.   Бирок ал сыйлык алууга “катышкан жок”. Анткени, азем онлайн форматта өтүп… Кененирээк…

Ошто жолдордогу чуңкурларды бүтөө иштери башталды

Ошто жолдордогу чуңкурларды бүтөө иштери башталды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда жумуштар Ленин, Курманжан-Датка, Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүндө жүрүүдө.   Муниципалитеттен белгилешкендей, жакынкы арада калыбына келтирүү иштери бардык көчөлөрдө жүргүзүлөт.

Кыргызстанда биринчи жолу допинг дирекциясы түзүлдү

Кыргызстанда биринчи жолу допинг дирекциясы түзүлдү. Бул тууралуу Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бөлүм жетекчиси Марат Аскарбеков айтып берет.   “Азыркы күндө биз допинг дирекциясын ачканбыз. Анда допинг боюнча кызматкерлер иштешип. Азыр чоң мелдештерди өзубүздөн ушул жерден допинг пробаларды алып, лицензиялуу лабораторияларга жиберип. Ар бир… Кененирээк…

Мамлекеттик карызды жабуу үчүн ачылган депозиттик эсепке 14 миллион сом которулду

Мамлекеттик карызды жабуу үчүн ачылган депозиттик эсепке 14 миллион сом которулду. Бул тууралуу “Акчабар” агенттиги маалымдады. Каржы порталы эске салгандай, үстүбүздөгү жылдын февраль айына карата өлкөнүн тышкы карызы 357 миллиард сомго теңелди.   Чогулган сумма бересенин 1 пайызын дагы жабууга жетпейт.   Эске салсак, мамлекеттик… Кененирээк…