Польшада картаюу процессин жайлатуучу балмуздак чыгарылды

Польшада картаюу процессин жайлатуучу балмуздак чыгарылды. Анда кадимки сүттүн ордуна майы алынган каймак кошулат. Ал жаман холестириндин деңгээлин азайтып, нерв системасынын ишин колдойт.   Андан тышкары, жаңычылдык жаңы маалыматтарды кабыл алууну жакшырта алат. Пахтанын негизинде жасалган балмуздакта калория аз болсо дагы, ал тоюмдуу келет.

Тажикстан менен чек арадагы жаңжалда кеминде 18 адам жабыркады

Тажикстан менен чек арадагы жаңжалда кеминде 18 адам жабыркады. Биздин өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, ооруканага 15 адам жеткирилди.   Анын экөөсүнүн абалы оор. Өз кезегинде, Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын басма-сөз бөлүмүнөн 2 адам жабыркаганын билдиришти.   Эске салсак, кечээ чек арадагы… Кененирээк…

Өкмөттө чек арадагы абалга байланыштуу жумушчу топ түзүлдү

Өкмөттө чек арадагы абалга байланыштуу жумушчу топ түзүлдү. Аны вице-премьер-министр Артем Новиков жетектейт. Бул тууралуу президент аппаратынан билдиришти.   Андан  тышкары, Тышкы иштер министрлиги окуяны тынчтык жолу менен чечүү үчүн дипломатиялык  иштерди жүргүзүүдө. Эске салсак, кечээ чек арадагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын… Кененирээк…

Баткенде жабыркагандардын саны өсүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда ооруканага түшкөндөр жана жаракат алгандар тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, Баткен облусунун аймактык ооруканасына жети киши жаткырылды. «Алардын экөөсүнүн абалы оор. Жай тургундар эвакуацияланды. Атышуу болгон жерден дагы 15ке жакын жабырлануучунун келиши күтүлүүдө», — деп айтылат… Кененирээк…

Чек ара масалеси боюнча чукул кеңешме өттү

Президент Садыр Жапаров чек ара масалеси боюнча чукул кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.   Анда өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн башчыларынын маалыматтары угулду. Чукул кеңешменин жыйынтыгында учурдагы кырдаалды жөнгө салуу жана изилдөө үчүн биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков башында турган жумушчу топ түзүү… Кененирээк…

Баткендеги кырдаалды Чек ара кызматынын башчысы көзөмөлдөп жатат

Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалды Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, саат 14:00дө Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан Головной суу тосмо жайында… Кененирээк…

Бишкекте дагы эки мектеп карантинге жабылды

Бишкекте дагы эки мектеп (№6, №33) жабылды. Буга окуучулардан коронавирус табылганы себеп болду. Маалыматты мэрия таратты. Ушуну менен жалпы жонунан 16 мектеп онлайн режимге өттү. Алар: № 24, 70, 67, 35, 12, 11, 65, 26, 63, 17, 64, 88, 62 жана 61.   Мындан тышкары,… Кененирээк…

Дүйнөнүн эң бай бизнесмени аталган Джефф Безостун байлыгы дагы 200 миллиард долларга көбөйдү

Дүйнөнүн эң бай бизнесмени аталган Джефф Безостун байлыгы дагы 200 миллиард долларга көбөйдү. Мындай көрүнүш бул жыл ичинде эле үчүнчү ирет кайталанды.   Forbes Real-Time басылмасынын маалыматына ылайык, Amazon компаниясынын акциялары кымбаттаганына байланыштуу, Джефф Безос бир эле күндө 3 миллиард долларга байып жатты.

Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде браконьерлерди аныктоо боюнча рейддер уланууда

Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде браконьерлерди аныктоо боюнча рейддер уланууда. Иштерди Мамлекеттик экотехинспекция аймактык балык чарбачылыгынын департаменти менен биргеликте жүргүзүүдө.   Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында тыюуга салынган тилкеде 87 балык улоо торлору алынды. Ведомстволор эскертет, көлдө балыкты мыйзамсыз улоого тыюу салынат. Эрежени бузгандар жоопкерчиликке тартылат.

Жылдын биринчи кварталында мамлекеттик карызды тейлөөгө 8 миллиард сомдон ашык жумшалды

Жылдын биринчи кварталында мамлекеттик карызды тейлөөгө 8 миллиард сомдон ашык жумшалды. Каржы жана экономика министрлигинин маалыматына ылайык, сумманын 5 миллиарддан ашыгы тышкы береселерге багытталган.   Жалпысынан, быйыл мамлекеттик карызды жабууга 37 миллиард 266 миллион сом берилет деп пландалууда. Бул рекорддук сумма болуп эсептелет.