Чек ара чырынан каза болгон кыргызстандыктардын саны 31ге жетти

Баткендеги кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан каза болгондордун саны 31ге жетти. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.   «154 киши жабыркап, 31 киши каза тапты. Жабыр тарткандардын ичинен 121и жөнөкөй жарандар, 23ү күч органдарынын кызматкерлери», —… Кененирээк…

БШК Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумдун расмий жыйынтыгын чыгарды

БШК Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумдун расмий жыйынтыгын чыгарды. Белгилүү болгондой, бардык 54 аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдор кабыл алынып, бекитилди.   Негизги мыйзамдын жаңыланган редакциясын кабыл алууга 79 пайыз добуш берсе, 13,7 пайыз каршы чыкты. Шайлоого катышкандардын көрсөткүчү – 36,6 пайызды түздү. Эске… Кененирээк…

Лейлек жана Баткен райондорунан эвакуацияланган адамдардын саны  10 миңден ашты

Лейлек жана Баткен райондорунан эвакуацияланган адамдардын саны  10 миңден ашты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Ак-Сай, Кызыл-Жол жана Кевит айылдарынын тургундары коопсуз жерге чыгарылды.   Эвакуация учурунда 13 атайын техника жана ведомствонун 156 кызматкери иштеди. Андан тышкары, райондук Жарандык коргонуу кызматынын 60 кичи автобусу тартылды.… Кененирээк…

Жеңиш күнүнө арналган ат оюндары өткөрүлбөйт

Жеңиш күнүнө арналган ат оюндары өткөрүлбөйт. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жана кыргыз-тажик чек арасындагы маселеден улам Талас облусунда  4-9-майга пландалган өтө турган ат оюндарын өткөрбөө чечими кабыл алынды.   Ошондой эле, Ош шаарында өтө турган ат чабыш дагы… Кененирээк…

УКМК алдындагы Чек ара кызматы тажик тарап Кыргызстандын чек ара заставаларын басып алды деген маалыматты четке какты

УКМК алдындагы Чек ара кызматы тажик тарап Кыргызстандын чек ара заставаларын басып алды деген маалыматты четке какты. Мындай маалыматтар буга чейин интернетте тараган. Ведомстводон белгилешкендей, чек арачылар заставаларды тажик тарапка берген жок, коргоп калышты.   Тажикстандын жарандары объектилерди аткылаганы чын, — дешти Чек ара кызматынан.… Кененирээк…

Коронавирустан вакцинаны жарандар каалаган эмдөө түйүнүнөн ала берет

Коронавирустан вакцинаны жарандар каалаган эмдөө түйүнүнөн ала берет. Жашаган же катталган жери маанилүү эмес, — деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.   Ведомстводон белгилешкендей, вакцина 18 жаштан жогорку жарандарга гана жасалат. Эмделе турган адамдын жанында паспорту болушу зарыл. Эске салсак, өлкөдө коронавирустан эмдөө үчүн 88 убактылуу… Кененирээк…

Баткен облусуна саламаттыкты сактоо министри баш болгон дарыгерлердин тобу жөнөп кетти

Баткен облусуна саламаттыкты сактоо министри баш болгон дарыгерлердин тобу жөнөп кетти. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылаыйк, адистер өлкөнүн түштүгүндө жабыркагандарга жардам беришет.   Топ Улуттук госпиталь жана Травматология, ортопедия илимий-изилдөө борборунун адистеринен турат. Соңку расмий маалыматтарга ылайык, кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын саны 134кө жетти.

Баткен облусунун жаңжал чыккан аймагынан 9 миң 706 адам эвакуацияланды

Баткен облусунун жаңжал чыккан аймагынан 9 миң 706 адам эвакуацияланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бул максатта 10 унаа жана ведомствонун 150 кызматкери тартылды.   Ошондой эле, райондук жарандык коргонуу кызматынын 60 кичи автобусу алынган. Тургундар мектептерде, мейманканаларда жайгаштырылды. Айрымдары туугандарыныкына жөнөтүлдү.

Чек ара чырынан жабыркагандарга гумжардам чогултулуп жатат

Бишкектеги активисттер кыргыз-тажик чек арасынан жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуп жатат. Акциянын уюштуруучуларынын бири Токтошбай Муктар уулунун айтымында, эки фура Бишкектеги Ош базарына жакын аймакка токтотулган.   “Азык-түлүк, жылуу жууркандарды чогултуп жатабыз. Акцияны Ош базардан баштадык. Жардамды Бишкектеги колу ачык адамдар берип жатышат. Азырынча фуралар толо… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө 4 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө 4 күнгө газ өчүрүлөт. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, 3-4-майда көгүлтүр от Элебаев, Карасаев көчөлөрүндө жана 3-майдан 7-майга чейин Красный Строитель конушунда жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.