Баткендеги кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан каза болгондордун саны 33кө жетти

Баткендеги кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан каза болгондордун саны 33кө жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев кабарлады.   Анын айтымында, көз жумган эки адам менен эки жарадар жаңы эле келип түшкөн.   Ал эми министрдин орун басары Ализа Солтонбекова чек ара… Кененирээк…

Баткенде кечээ ачылган Төрт-Көчө жолу кайра жабылганы айтылды

Баткендин Тажикстан менен чектешкен аймагынан өткөн Ош — Баткен — Исфана автожолунун Төрт-Көчө жолу кайрадан жабылганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.   Азырынча бул маалыматты жергиликтүү бийлик тастыктай элек. Бирок блокпостто тургандар ал жакка кирүү азырынча кооптуу экенин айтып, артка кетирип жатканы маалым болду. Эске… Кененирээк…

Каракол шаарынын мектептери окуунун онлайн форматына өтүүдө

Каракол шаарынын мектептери окуунун онлайн форматына өтүүдө. Бул тууралуу шаардын мэриясынан билдиришти. Жергиликтүү штаб мындай чечимди эпидемиологиялык абалдан улам кабыл алды.   Мектептер жана бала бакчалар 11-майга чейин аралыктан иштейт. Ошондой эле, Каракол шаарында бардык маданий жана спорттук массалык иш-чараларга тыюу салынды.

Тажикстан менен чек араны делимитация боюнча сүйлөшүүлөр бүгүн өтөт

Тажикстан менен чек араны делимитация боюнча сүйлөшүүлөр бүгүн өтөт. Бул тууралуу президент аппаратынан билдиришти. Сүйлөшүү Садыр Жапаров жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмон ортосунда телефон аркылуу жетишилди.   Кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу Баткен облусунда өтөт.

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, өткөн түнү жанжал катталган жок, ок атылган жок. Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 жана Борбордук айылдарында абал көзөмөл алдында.   Ош – Исфана унаа жолу жана Төрт-Көчө жергесиндеги трасса кыймылга ачык. Чек арачылар чектеш аймактарда… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 31 кыргызстандык каза тапты

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 31 кыргызстандык каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ализа Солтонкулова билдирди.   Анын айтымында, учурга карата жабыркагандардын саны 154. Алардын 121 жай тургундар. 43 жабыркаган учак менен Бишкектин ооруканаларына жеткирилди.   Экөөнүн абалы өтө оор деп бааланууда. Кыргызстанда… Кененирээк…

Бишкектен Баткенге 100 тонна гумжардам жөнөтүлөт

Бишкек мэриясы Баткен облусуна 100 тонна гуманитардык жүк жүктөлгөн унааларды жиберүүгө даярданууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди. Чогулган гумжардамдын баары Баткен облусуна жеткириле турганы айтылды. Учурда ордо калаадагы ар бир акимчиликте жардам штабдары ачылган. Эгер көмөк көрсөтүүнү каалагандар болсо, (0774) 00-77-35, (0990)… Кененирээк…

Тажикстан Ош-Исфана жолуна кетчү көчөнү ачып, Кызыл-Белге кирген аскерлерин чыгарып кетти

Баткен облусунун Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө бөлүгү ачылып, каттам калыбына келди. Бул тууралуу 30-апрелде саат 21:00дө облустук администрациянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, тажик тарап Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жайгашкан “Кызыл-Бел” чек ара бекетинен жана Тажикстандын “Гулистон” чек ара бекетинен куралдуу күчтөрүн алып чыгып кетти.… Кененирээк…

Баткенде түн тынч өттү

Баткен облусунда Тажикстан менен чектеш аймактарда 1-майга караган түн тынч өттү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди. Маалыматка караганда, түндө атышуу жана башка окуялар катталган жок.   Интернеттеги социалдык тармактарда Баткен шаарында жана Лейлек районунун чек арага жакын жайгашкан айрым… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-2-май улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды

Кыргызстанда 1-2-май улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан 154 адам жараат алып, 31ү каза тапты.   Бул Саламаттыкты сактоо министрлигин соңку расмий маалыматы.   Ведомстводон билдиришкендей, жабыркагандардын ичинен оор абалдагылары атайын борт… Кененирээк…