Коронавируска каршы вакцина алууга онлайн кезекке турса болот

Коронавируска каршы вакцина алууга онлайн кезекке турса болот. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн vc.emed.gov.kg порталы ишке киргизилди. Эмдөөдөн өтүүнү каалаган жарандар сайтка кирип, электрондук кезек бөлүмүн тандап, керектүү маалыматтарды толтурушу керек. Тиркеме бүгүнкү күндө Бишкектеги 17 эмдөө түйүнүндө пилоттук режимде иштеп жатат. Аталган тиркемеге… Кененирээк…

Баткендин жабыркаган аймактарында чыгымдарды тактоо иштери аяктоо алдында турат

Баткендин жабыркаган аймактарында чыгымдарды тактоо иштери аяктоо алдында турат. Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдиргендей, эки күндүн ичинде электр энергиясын берүү калыбына келтирилди, көмөк чордондору алмаштырылды, жаңы мамылар орнотулуп, электр чубалгылары тартылды. Муну менен кошо көпчүлүк аймактарда таза суу бериле баштады. Өзүнчө аймактар боюнча жумуштар уланууда.… Кененирээк…

Баткендеги окуядан 3,5 миң чакырым жолдун үстүңкү катмары бузулган

Баткендеги окуядан 3,5 миң чакырым жолдун үстүңкү катмары бузулган. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев билдирди. Анын айтымында, алдын ала маалымат боюнча, чыгымдын суммасы 11 млн сомдон жогору болууда. “Учурда атайын түзүлгөн комиссия чыгымдын суммасын эсептеп… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө калкына кайрылуу жасайт

Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө калкына кайрылуу жасайт. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, иш-чарага бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңеш депутаттары жана коомдук-саясий ишмерлер катышат. «Пандемияга байланыштуу чакырылгандар коронавируска карата ПЧР-анализ тапшырышты, иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулуп жатат. Кайрылууну Коомдук телеканал түз… Кененирээк…

Ошто 65 жаштан жогорку жарандар «Sputnik V» вакцинасын ала башташты

Бүгүн, 4-май күнү Ош шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 65 жаш курактан ашкан адамдар ыктыярдуу түрдө «Sputnik V» вакцинасын алышты. Ош шаардык ооруну алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Санталат Орозбаеванын айтымында, бул вакцинаны боюнда бар аялдар албайт. «Бул вакцина деле 2… Кененирээк…

Кыргызстандын айрым аймактарында сел жүрүү коркунучу бар

Кыргызстандын айрым аймактарында сел жүрүү коркунучу бар. Кыргызгидрометтен билдиришкендей, 7-майга чейин температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Талас облустарындагы тоолуу райондордо сел жүрүшү күтүлөт. Андан улам, жарандарга этият болуу сунушталат.

Бишкек мэриясы коомдук унааларда жол кирени көтөрүү боюнча калаа тургундарынын сунуштарын карап жатат

Бишкек мэриясы коомдук унааларда жол кирени көтөрүү боюнча калаа тургундарынын сунуштарын карап жатат. Муниципалитеттен белгилешкендей, 100 комментарий келип түштү. Алардын бары эске алынат. Буга чейин мэрия тарифтерди көтөрүү боюнча 3 вариант сунуштаган. Биринчиси – бааларды ушундай эле калтыруу. Экинчиси троллейбустарда жана автобустарда 11 сомго, маршруттук… Кененирээк…

Баткен облусунда 72 маршруттук каттамдын 8и иштеп жатат

Баткен облусунда 72 маршруттук каттамдын 8и иштеп жатат. Унаа жана жолдор министринин орун басары Нурланбек Каимбаев билдиргендей, Лейлек жана Баткен райондорундагы коомдук унаалардын экөө эл аралык болсо, алтоо шаар четинде каттап жатат. Маршруттук каттамдар убактылуу гана ишке киргизилди. Эвакуацияланган жарандар туруктуу жашаган жерине толук кайткандан… Кененирээк…

Баткен облусуна өзгөчө статус берүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке кароого жөнөтүлдү

Баткен облусуна өзгөчө статус берүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке кароого жөнөтүлдү. Документ өзүнө аймак жетекчисинин укуктарын күчөтүүнү, жеңилдетилген каржылоо механизмин, бюджетти уюштуруунун өзгөчө тартибин, инвесторлор үчүн мамлекеттик кепилдикти, мамлекеттик сатып алууну ишке ашыруунун өзгөчө режимин, ошондой эле мектеп жана маданият мекемелерин мамлекеттик бюджеттин эсебинен… Кененирээк…

Мусулман зыяратчылары чоң жана кичи ажылыкка бара алышат

Мусулман зыяратчылары чоң жана кичи ажылык үчүн Меккедеги жана Мединадагы ыйык жайларда бара алышат. Бирок бир гана коронавируска каршы вакцинадан өткөндөн кийин. Мындай чечимди Сауд Арабия бийлиги кабыл алды. Бул ирет чоң ажылык июлдун экинчи жарымына туура келет.