Лейлек районунун Максат айылындагы мектеп жаңы окуу жылына чейин калыбына келтирилет

Лейлек районунун Максат айылындагы мектеп жаңы окуу жылына чейин калыбына келтирилет. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, оңдоо иштери жакынкы арада башталат.   Эске салсак, Максат айылындагы мектеп чек ара жаңжалында толугу менен талкаланып калды. Анда 300дөн ашык окуучу билим алып, 20 мугалим жана 12 техникалык… Кененирээк…

Баткен облусуна жакынкы арада өзгөчө макам берилет

Баткен облусуна жакынкы арада өзгөчө макам берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди. Анын айтымында, өзгөчө макам башка артыкчылыктардан тышкары, салык преференцияларын дагы берет.   Баткенде жараксыз абалга келген үйлөр мамлекет эсебинен калыбына келтирилет, — деди Марипов.   Кеп, Баткен районундагы 30 жана… Кененирээк…

Бийлик өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө структуралык өзгөртүүлөрдү киргизүү ниетинде

Бийлик өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө структуралык өзгөртүүлөрдү киргизүү ниетинде. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жарыялады. Алсак, элдик кошуундарды түзүү пландалууда.   Жапаровдун айтымынла, алар чек арага жакын аймактарда калктын мобилизациясынын жогорку деңгээлин камсыздай алат. Президент ошондой эле, Баткендеги жаңжалдан жабыркаган объектилерди тез арада калыбына келтирүүнү убадалады.

«Баткенге көмөк» кайрымдуулук штабы ишин токтотту

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өкмөт алдында уюштурулган «Баткенге көмөк» штабы өз ишин токтотот. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.   Штаб тажик-кыргыз чек арасындагы жаңжалда жабыркаган Баткен облусунун тургундарына көмөк көрсөтүү чакырыгына кол кабыш кылган бардык тараптарга ыраазы экенин белгиледи. «Мурда келип… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров жумушчу сапар менен Баткенге барды

Президент Садыр Жапаров 6-майда жумушчу сапар менен Баткенге барды. Президенттин аппаратынын маалымат саясаты бөлүмүнүн билдиришинче, ал чек ара коогасында жабыркаган аймактарды кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугат.   Жапаров 5-майда “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү” жарлыкка кол… Кененирээк…

Батыш Африканын Мали мамлекетинде 9 эм төрөлдү

Батыш Африканын Мали мамлекетинде 9 эм төрөлдү. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, 25 жаштагы Халима Сиссе дароо 5 кыз жана 4 уулду жарыкка алып келди.   Эне-балдардын абалы жакшы. Бир күндө тогуз балалуу болгон эне бир нече жумадан кийин үйүнө чыгарылат. Ага чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө… Кененирээк…

Кыргызстанда 10-май, дүйшөмбү кадимки иш күнү болот

Кыргызстанда 10-май, дүйшөмбү кадимки иш күнү болот.   Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, 9-май Жеңиш күнү жекшембиге туура келгендиктен, дүйшөмбү эс алуу болмок. Бирок дем алыш күндөрүн туура бөлүштүрүү максатында, ал 30-августка жылдырылды.   Ошондой жайдын соңунда кыргызстандыктар катары менен 4 күн эс алышат – 27-августтан… Кененирээк…

Баткен облусунда документтери жок калган жарандарды тактоо иштери уланууда

Баткен облусунда документтери жок калган жарандарды тактоо иштери уланууда.   Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, Максат айылында көчмө топ иштеп жатат, алар ошол жерден эле документтерди даярдоого арыздарды кабыл алууда.   Иштерге Баткен, Лейлек райондорунун жана Сүлүктү шаарынын мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрү тартылды. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Министрлер кабинетинин төрагасы, анын орун басарлары дайындалды

Жаңы Конституцияга ылайык, өкмөт Министрлер кабинети болуп өзгөрдү. Министрлер кабинетинин төрагасы болуп Улукбек Марипов дайындалды. Анын биринчи орун басары Артем Новиков.   Калган орун басарлары — Улукбек Карымшаков, Азамат Дыйканбаев жана Жылдыз Бакашова.

Кыргызстанда конституциянын жаңы мыйзамы күчүнө кирди

Кыргызстанда конституциянын жаңы мыйзамы күчүнө кирди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Эми өлкө бийлиги бир адамдын колунда. Президент эми башкы команда берүүчү адам, ал тышкы жана ички саясатка жооп берет, ал өкмөттү дагы колуна алды.   Садыр Жапаров муну менен каталарга дагы бир… Кененирээк…