Материалдык резервдер фондунун төрагасы болуп Базарбай Мусабеков дайындалды

Материалдык резервдер фондунун төрагасы болуп Базарбай Мусабеков дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.   Эске салсак, буга чейин материалдык резервдер фондунКаныбек Айдаров жетектеп келген.

Кыргызстанга россиялык “Спутник V” вакцинасынын экинчи партиясы жеткирилди

Кыргызстанга россиялык “Спутник V” вакцинасынын экинчи партиясы жеткирилди. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, анда 20 миң доза препарат бар.   Ал эми вакцинанын биринчи партиясы 23-апрелде келген. Кыргызстанга келген кытайлык Синафарм препараты 75 миң адамга, россиялык препарат 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жаралды

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек – Ош, Ала-Бука — Жаңы-Базар – Кировка жана Каракол – Эңилчек унаа жолдорунда кар массалары түшүшү мүмкүн.   Аталган каттамдарга сапарга чыккан айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты… Кененирээк…

Бишкек мэриясы айт-намазды өткөрүүдөн баш тартууну сунуштайт

Бишкек мэриясы айт-намазды өткөрүүдөн баш тартууну сунуштайт. Бул тууралуу Санэпидем көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.   Анын айтымында, ордо калаадагы эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда, андыктан, массалык иш-чараларды өткөрүү сунушталбайт. Массалык айт намаз боюнча акыркы чечимди Мусулмандардын дин башкармалыгы кабыл алат.… Кененирээк…

Кыргызстанда кумшекер жана суу майдын баасы жөнгө салынат

Кыргызстанда кумшекер жана суу майдын баасы жөнгө салынат. Министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, бул социалдык маанилүү товарларды жеткиликтүү кылуу үчүн кабыл алынган чара.   Бааларды жөнгө салуу 90 күнгө созулат. Профилдик мамлекеттик органдарга тиешелүү чараларды көрүп, Евразиялык экономикалык комиссияны жана ЕАЭБ мамлекеттерин маалымдоо тапшырмасы берилди.

Баткендеги жаңжалдан жабыркагандарга бериле турган компенсациянын болжолдуу суммасы аталды

Баткендеги жаңжалдан жабыркагандарга бериле турган компенсациянын болжолдуу суммасы аталды. Министрлер кабинетинин коомдук талкуусуна токтом долбоорду Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги чыгарды. Алсак, каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон берилет, ал эми жабыркагандар 30 миңден 100  миң сомго чейин ала алат.   Сумма жарааттын оорлугунан… Кененирээк…

WhatsApp жаңы эрежелерди кабыл албаган аккаунттард өчүрбөй турган болду

WhatsApp жаңы эрежелерди кабыл албаган аккаунттард өчүрбөй турган болду. Компаниядан билдиришкендей, 15-майдан тарта мындай колдонуучулар мессенджер менен колдоно албайт деп жарыяланганы менен, андай болбойт.   Бирок мындай аккаунттарга 2-3 жума ичинде эскертүү берүүчү билдирүүлөр келип турат. Бул учурда дагы эрежелер кабыл алынбай калса, кандай чаралар… Кененирээк…

Бишкекте көчө жарыгын оңдоо уланууда

Бишкекте көчө жарыгын оңдоо уланууда. Иштерди “Бишкексвет” муниципалдык ишканасы жүргүзүүдө. Адистер Москва, Гоголь, Байтик Баатыр, Ак-Кайың көчөлөрүндөгү шамчырактарды жаңыртышты.   Эске салсак, ишкана көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча шаар тургундарынан арыздарды кабыл алат.

Кыргызстанда бензиндин баасы кымбаттоосун улантууда

Кыргызстанда бензиндин баасы кымбаттоосун улантууда. Алсак, 95-үлгүдөгү бензиндин бир литринин наркы апрель айында 50 сомго жетти. Өткөн жылдын декабрь айына карата салыштырсак, баалар 34,2 пайызга көтөрүлдү, — деп маалымдайт Улуттук банк.   Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, эң жогорку баа Исфана шаарында катталды – бир… Кененирээк…

Чек ара жаңжалынан жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 66 миллион сом чогулду

Чек ара жаңжалынан жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 66 миллион сом чогулду.  Экономика жана каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражатты ыктыярчылар жана уюмдар которуп жатат.   Андан тышкары, бир катар мамлекеттик органдардын кызматкерлери бир күндүк айлыгын которгон. 28-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 180ден… Кененирээк…