Республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн
Республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, мындай коркунуч 15-майга чейин сакталат. Туруксуз аба-ырайына байланыштуу, суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүүдө. Жарандарга этият болуу сунушталат.