Кыргызстанда көп балалуу энелер сыйланат

Кыргызстанда көп балалуу энелер сыйланат. Президенттин жарлыгына ылайык, “Баатыр эне” ордени 7 же андан көп балдары бар 819 аялга берилет. Ал эми “Эне даңкы” медалдары менен алты баланы тарбиялап келген 516 кыргызстандык сыйланат.   Эске салсак, өлкөдө майдын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. Бул жылы… Кененирээк…

“Түндүкэлектр” жарандарды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат

“Түндүкэлектр” жарандарды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат. Бөлүштүрүүчү компаниядан билдиришкендей, апрелде жарандар дээрлик  459 миллион киловатт-саат электр энергиясын сарпташты.   Бул министрлер кабинети тарабынан бекитилген пландан 58 миллионго көп. Ашыра колдонуу көрсөткүчү Бишкекте катталат. Андыктан, энергетиктер эртең менен жана кечкисин электр жабдууларды көп колдонбоого чакырат.

Көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарына балдарына сак болуу сунушталат

Көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарына балдарына сак болуу сунушталат. Ички иштер министрлигинен белгилешкендей, бөбөктөр терезелерден ата-энелердин шалаакылыгынан улам кулап түшкөн учурлар көбөйүүдө.   Андыктан, балдарды ачык терезелердин жанында калтырбаш керек. Эгер темир торлорду орнотууга мүмкүнчүлүк жок болсо, айнектерди толук ачууга жол бербей турган атайын блокираторлорду орнотуу… Кененирээк…

Бишкекте ысык суу 17-майда өчүрүлөт

Бишкекте ысык суу 17-майда өчүрүлөт. Тиешелүү жарлыкка мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду. Белгилеп кетсек, ордо калаада жыл сайын ысык суу берүү 1 айга токтотулат.   Бул убакыт аралыгында адистер суу түтүктөрүн оңдоп, жылуулук сезонуна даярдык көрүшөт. Ысык суу кайра 17-июнда берилет деп пландалууда,… Кененирээк…

Кыргызстан толугу менен электрондук амбулатордук карталар менен жыл аягына чейин камсыздалат

Кыргызстан толугу менен электрондук амбулатордук карталар менен жыл аягына чейин камсыздалат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Клара Өскөмбаева билдирди.   Анын айтымында, бул системанын ачык-айкын иштешин камсыздап, медицина кызматкерлерине кошумча акыны туура бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Өткөн жылы пандемиядан улам, электрондук амбулатордук карталарды киргизүү… Кененирээк…

Кыргызстан Кытайдан коронавируска каршы вакцинанын экинчи партиясын сатып алат

Кыргызстан Кытайдан коронавируска каршы вакцинанын экинчи партиясын сатып алат. Дүйнөлүк банк бөлүп бере турган 20 миллион долларга Sinopharm вакцинасы сатылып алынат, — деп билдирди Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.   Эске салсак, Кыргызстанда коронавирустан массалык эмдөө 29-мартта старт алды.   Бул максатта 75 миң адамга… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдар 220 объект талкаланды

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдар 220 объект талкаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри  Урматбек Шамырканов билдирди. Анын айтымында, арасында турак-жайлар, социалдык объектилер, бензин куюучу станциялар, дүкөндөр жана ашканалар бар.   688 жаран үйсүз калды. Учурда жабыркаган аймактарда куткаруучулар иштеп жатат.   Белгилеп кетсек, учурда чек ара… Кененирээк…

TikTok колдонуучуларга жумуш издөөгө жардам берет

TikTok колдонуучуларга жумуш издөөгө жардам берет. Компания видео резюмени түзүү кызматын сынап жатат. Маалыматка ылайык, ал TikTok’то жумуш табууга жана жумушчуларды издеген компаниялар менен байланышууга жардам берет.   Колдонуучулар өз тажрыйбасы жөнүндө уникалдуу түрдө айтып бере алышы керек.

Ош облусунун Маданият айылында жаңы мектептин курулушу аягына чыгып калды

Ош облусунун Маданият айылында жаңы мектептин курулушу аягына чыгып калды. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, имарат 225 окуучуга чакталат.   Учурда анын аймагын жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, эмеректер жана ашкана жабдуулары орнотулуп жатат. объект колдонууга айдын аягына чейин берилет. Эске салсак, мектептин курулушуна каражатты… Кененирээк…

Ысык-Көлдө туристтик сезондо коомдук коопсуздукту 710 милиция кызматкери камсыздайт

Ысык-Көлдө туристтик сезондо коомдук коопсуздукту 710 милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.   Андан такташкандай, Каракол, Чолпон-Ата шаарларында жана Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда туристтик милиция кайгуул жүргүзөт.   Ошондой эле, аймакта санитардык талаптардын сакталышы катуу көзөмөлдөнөт.