Кыргызстанда доллар улам төмөндөп жатат
Кыргызстанда доллардын баасы төмөндөп, айрым акча алмаштыруучу жайларда 84,55 сомдон сатылууда. Бүгүн эртең менен саат 10:00дө Бишкектеги акча алмаштырган жайлардагы доллардын орточо баасы 84,75 сом болчу. Доллар акыркы жолу бир жума мурда арзандаган. Ага чейин жыл башынан бери 84,9 бойдон кармалып турган.