Бишкектеги “Арча-Бешик” конушуна канализация тармактары орнотула баштады

Бишкектеги “Арча-Бешик” конушуна канализация тармактары орнотула баштады. Мэриянын маалыматына ылайык, иштер Бедибаев, Ойсул-Ата, Айылчиев, Абдрахманов көчөлөрүндө аткарылат. Ошондой эле 12-көчөдөн 18-көчөгө чейин орнотулуп жаткан тармак 200гө жакын үйгө туташтырылат. Анын узундугу 1,5 чакырымды түзөт. Келишим боюнча курулуш иштерине дээрлик 3 миллион сом жумшалат. Пландалгандай, иштер майдын… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында жарык жок болот

Бишкектин айрым аймактарында жарык жок болот. «Түндүк электрден» билдиришкендей, эртең саат 9дан кечки 6га чейин Токомбаев, Азия, Абдрахманов, Шералиев, Садырбаев, Эркин-Тоо, Кожомкулов, Буденный, Жеңиш, Баялинов, Малышев, Минск көчөлөрүндө, Арча-Бешик, Ынтымак, Киргизия-1 конуштарында электр энергиясы өчүрүлөт. Чектөөлөр  оңдоо иштерине байланыштуу.

Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги жолугушуу өттү

Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 13-17-майына чейин Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго… Кененирээк…

Кыргызстандык дзюдочулар Азия кубогунда үч алтын медалга ээ болушту

Кыргызстандык дзюдочулар Азия кубогунда үч алтын медалга ээ болушту. Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, кадеттер арасында Адина Көчкөнбаева жана Эржан Канатбеков, ал эми өспүрүмдөр арасында Ажар Исаева Азия кубогунун жеңүүчүлөрү аталышты. Спорттук иш-чара 14-15-майда Алматыда өттү. Турнирге Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандан 250гө жакын… Кененирээк…

Баткен районунда жаңы медициналык мекеме пайда болот

Баткен районунда жаңы медициналык мекеме пайда болот. Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Кара-Токой айылында Фельдшер-акушердик түйүндүн курулушу башталды. Анда стоматология, гинекология, жугуштуу жана жүрөк ооруларын кароо бөлүмдөрү болот. Мекеме заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалат. Курулуш иштерине 3 миллион сомго жакын жумшалат, каражат кайрымдуулук фонд тарабынан бөлүнүп… Кененирээк…

Эл аралык “Евровидение” ыр сынагы расмий түрдө Роттердамда старт алды

Эл аралык “Евровидение” ыр сынагы расмий түрдө Роттердамда старт алды. Ал эми сынактын жарым финалы 18 жана 20-майда өтөт. Жыйынтыктоочу жарыш, тагыраагы финал 22-майга белгиленди. 66-ирет өтүп жаткан сынакка быйыл 39 өлкөнүн аткаруучулары катышат. Эске салсак, былтыр “Евровидение” сынагы пандемиядан улам өткөрүлгөн эмес.

Россияда 2022-жылы кумшекердин баасы дагы кымбатташы ыктымал

Россияда 2022-жылы кумшекердин баасы дагы кымбатташы ыктымал. Буга кант кызылчасын себүү иштери кечигип жатканы себеп, деп билдирди «Коммерсантъ» басылмасы. Андан тышкары, Россиянын түштүгүндөгү салкын жана жаан-чачындуу аба ырайы түшүм алуу мөөнөтүн бир айга узартат. Мындан улам сырье тартыш болот. Түшүм кеч алынгандан кийин анын так… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 120 миллион сомго завод ачылды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 120 миллион сомго завод ачылды. Өндүрүш Оттук айылында пайда болду, — деп билдиришти жергиликтүү администрациядан. Заводдун ишке кириши менен жергиликтүү тургундарга 30га жакын жумуш оруну түзүлүп, маяналары 20 миң сомго чейин жетет. Андан кургак курулуш материалдарынын 17 түрү өндүрүлөт. Курулуш иштерин… Кененирээк…

Чек арада бошотулган үч жаран түрдүү жараат менен ооруканага түштү

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Ак-Сай айылынын тургундары бүгүн, 17-майда Тажикстан тараптан кармалып, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бошоп келери менен ооруканага жеткирилди. Алар башынан, көкүрөк жана бетинен жараат алышкан. Баткен аймактык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Улукбек Айжигитов «Азаттыкка» Ак-Сай айылынын үч тургуну ар түрдүү жарааттар менен… Кененирээк…

Чүй облусунун Сокулук районундагы эки көчөгө асфальт төшөлөт

Чүй облусунун Сокулук районундагы эки көчөгө асфальт төшөлөт. Жергиликтүү администрациянын маалыматына ылайык, иштер Мичурин жана Школьная тилкелеринде аткарылат. Учурда буга чейинки жараксыз абалдагы эски асфальт алынып, жаңысын төшөө үчүн даярдык көрүлүүдө. Иштерге 2,5 миллион сом багытталат. Сумма жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт.