Баткен облусунда Калкты тейлөө борборунун иштөө мөөнөтү узартылды

Баткен облусунда Калкты тейлөө борборунун иштөө мөөнөтү узартылды. Бул кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуялардан улам ар кандай документтерин жоготкон жарандардын маселесин чечүү максатында, — дешти өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн. Мекеме бүгүнтөн тартып эртең мененки 8ден кечки саат 7ге чейин жарандардан документтерди кабыл алат. Ошондой эле борборлорго… Кененирээк…

26 жаштагы мексикалык кыз «Аалам сулуусу» аталды

26 жаштагы мексикалык кыз «Аалам сулуусу» аталды. Американын Флорида штатында 69-ирет өткөн сынактын жыйынтыгында таажыны Андреа Меса тагынды. Финалга Мексика, Индия, Бразилия жана Доминика Республикасы менен Перунун сулуулары жолдомо алган. Финалга жалпысынан 21 талапкер чыккан.

Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылында жаңы бала бакча пайда болот

Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылында жаңы бала бакча пайда болот. Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, курулуш иштери былтыр майда башталган. Бүгүнкү күндө объекти 70 пайызга даяр. Жаны мектепке чейинки билим берүү мекемеси 2 кабаттуу жана 140 орунга чакталат. Жалпы тендердик баасы 55,5 миллион сом. Сумма аталган… Кененирээк…

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, 4,5 миң тоннадан турган жүк Бишкекке келди. Жардам темир жол аркылуу 75 вагондо жеткирилди. Эске салсак, буга чейин коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жоомарт Токаев биздин республикага гуманитардык жардам катары 10 миң тонна ун берүү боюнча чечим кабыл алган.

Садыр Жапаров Владимир Путин менен 24-майда Сочиде жолугат

Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен 24-майда Сочиде жолугат. Бул тууралуу Путин 18-майда элчилерге ишеним грамоталарын тапшырып жатканда айткан. Маалыматка ылайык, жолугушууда Евразия экономикалык интеграциясы тууралуу сөз болот. Ошондой эле Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ), Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) жана Шанхай Кызматташтык… Кененирээк…

Америкалык ырчы Ариана Гранде турмушка чыкты

Америкалык ырчы Ариана Гранде турмушка чыкты. Лента агенттиги билдиргендей, поп-ырчынын өмүрлүк жары 25 жашта же өзүнөн 2 жаш кичүү кыймылсыз мүлк агенти Далтон Гомес. Алардын үлпөт тою Калифорния штатынын Монтесито шаарында өтүп, ага бир гана жакындары катышты. Тойго чакырылгандардын саны болгону 20 адам. Эске салсак,… Кененирээк…

Каракол шаарында 3 көчө оңдоп-түзөлөт

Каракол шаарында 3 көчө оңдоп-түзөлөт. Бул тууралуу novosti.kgге Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан билдиришти. Маалыматка караганда, кеп, Торгоев, Токтогул жана Пржевальск тилкелери тууралуу болуп жатат. Ремонттоло турган жолдун жалпы узундугу 7 чакырымды түзөт. Иштер Торгоев көчөсүн ондоого жарыяланган тендердин жеңүүчүсү аныкталгандан кийин башталат. Ал эми, Токтогул жана… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң популярдуу соцтармактар аталды

Дүйнөдөгү эң популярдуу соцтармактар аталды. “Statcounter Global Stats” басылмасынын маалыматы боюнча, биринчи орунда “Facebook” жайгашат, андан кийинки саптарды “Pinterest”, “Twitter”, “YouTube” жана “Instagram” ээлейт. Ал эми Кыргызстанда “Twitter” жана “Facebook” лидер болуп саналат. Ошондой эле интернет колдонуучулар арасында “Pinterest”, “YouTube” жана “Instagram” популярдуу.

Бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия чемпионатына катышат

Бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия чемпионатына катышат. Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, биринчиликке спорт чеберлери жана эл аралык даражадагы спорт чеберлери жөнөтүлөт. Спортчуларды башкы машыктыруучу Данияр Жусубалиев жетектеген барат. Мелдеш 21-майдан 1-июнга чейин Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарында өтөт.

Түп районунун Каркыра айылында таза суу маселеси чечилет

Түп районунун Каркыра айылында таза суу маселеси чечилет. Турмуш басылмасы билдиргендей, суу түтүктөрүн жайгаштырууга 6 чакырымды түзгөн чуңкурлар казылып, тармактарды туташтыруу иштери жүрүп жатат. Таза суу маселесин чечүүгө 12,5 миллион сом багытталат. Сумма  республикалык бюджеттен бөлүнүп берилди. Пландалгандай, жумуштар сентябрга чейин аяктайт.