Бишкекте көчөлөрдү капиталдык оңдоо иштери уланууда

Бишкекте көчөлөрдү капиталдык оңдоо иштери уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, учурда жумуштар Исакеев, Гражданский, Армейский, Левоневск, Пишпек, Шевченко жана Васильев көчөлөрүндө жүрүп жатат. Куруучулар эски асфальтты алып, жаңысын төшөп, арык лотокторун орнотушууда

Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт

Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, эртең, 20-май күнү саат 09:00дөн 17:00гө чейин Жалал-Абад шаарынын Р. Азимов, Жамашев, Живпром, Промзона, Калинин, Глина, Бакиев, Сатаров, Б. Осмонов, Энергетиков, Толстой, Горький, Мичурин, Пушкин, Разина,… Кененирээк…

Маданий мурастар рейтингинде Казакстан 78 мамлекеттин арасында 76-орунду ээледи

Маданий мурастар рейтингинде Казакстан 78 мамлекеттин арасында 76-орунду ээледи. Өлкөнүн индекси мүмкүн болгон 100 баллдын 0,3 деңгээлинде бааланган. Бул тууралуу Energyprom.kz билдирди. Эң мыкты беш өлкөнү Испания, Италия, Греция, Франция жана Мексика ээледи. Рейтингдин эң төмөн жагында Оман турат. Индекс беш критерийдин негизинде эсептелген: маданий… Кененирээк…

Жогорку сотунун судьясы кызмат ордунан бошотулду

Судьялар кеӊешинин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Памирдин Жумагулов өз каалоосу боюнча кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды, — деп айтылат парламенттин басма сөз кызматынан.

Бишкекти көрктөндүрүү иштери уланууда

Бишкекти көрктөндүрүү иштери уланууда. «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкелери калаа көчөлөрүнө 600 миңден ашык көчөт отургузду. Алардын катарында агератум, бегония, сальвия жана георгин назик өсүмдүктөрүнүн бир нече түрлөрү бар. Муну менен быйыл Бишкектеги гүлзарларда 1,5 миллиондон ашык бир жылдык гүлдөр ачылат.

Бишкекте «Спутник V» вакцинасынын 930 дозасы жараксыз абалга келип, алар жарактан чыгарылды

Бишкекте «Спутник V» вакцинасынын 930 дозасы жараксыз абалга келип, алар жарактан чыгарылды. Журналисттерге шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынан билдиришкендей, мындай кырдаалга өчүп калган муздаткыч алып келди. Ал кандайдыр бир себеп менен электроэнергияга кошулбай калган. Республикалык иммундук профилактика борбору кызматтык териштирүү жүргүздү. Беш адамга сөгүш берилди, башкы… Кененирээк…

Дүйнөдө COVID-19 инфекциясына каршы вакцинанын кеминде бир жарым миллион дозасы сайылды

Дүйнөдө COVID-19 инфекциясына каршы вакцинанын кеминде бир жарым миллион дозасы сайылды. AFP кабар агенттиги 18-майда расмий маалыматтарга таянып жазганына караганда, бул сандын бештен үч бөлүгү Кытайга, АКШга жана Индияга туура келет. Жалпы жонунан 210 өлкөдө эмдөө жүрүп жатат. Чоң кишилердин дээрлик 60 проценти вакцинанын эки… Кененирээк…

Ушул жуманын аягы жаан-чачындуу болот

Ушул жуманын аягы жаан-чачындуу болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, эртең жана бүрсүкүнү Бишкекте, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында жаан жаап, күн күркүрөп, абанын табы төмөндөйт. Чүй облусунун тоолуу аймактарында жана Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында жамгыр катуу жаайт. 20-майда күндүз катуу шамал болот, анын ылдамдыгы секундасына 14-20 метрге… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди алуу уланууда

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди алуу уланууда. Түшүндүрүү иштеринен кийин, Семетей жана Подольская көчөлөрүнүн кесилишиндеги бастырмаларды ээлери өз ыктыяры менен алышты. Андан тышкары, Манас, Ак-Тилек Архитекторский, Чүй, Жолон, Ашар, Шота Руставели, Чайковский көчөлөрүндөгү, 4-кичи райондогу, Дордой-2 конушундагы мыйзамсыз орнотулган тосмолор демонтаждалды. Иштерди “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жүргүзүп… Кененирээк…

Кантта жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учурашы күтүлөт

Кантта жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учурашы күтүлөт. Бул жаңы газ бөлүштүрүүчү станцияны ишке киргизүүгө байланыштуу. Иштер планга ылайык жүргүзүлөт жана республиканы газификациялоо программасын ишке киргизүүгө багытталат. Канттагы бардык категориядагы керектөөчүлөргө туруктуу көгүлтүр от берүү ушул жума, 21-майда саат 8ден кечки 5ке чейин чектелиши күтүлөт.