Төрт банк чек ара чырында жабыркагандарга жеңилдик берди

Төрт комерциялык банк кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган айрым үй-бүлөлөрдүн насыяларын биротоло кечип, кээ бирине жеңилдик берди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.   Анда “Компаньон” банкы 2 млн. сомдук гуманитардык жардам көрсөтүп, 17 жарандын насыясын кечип, үч жарандын насыясынын пайызын… Кененирээк…

Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси 22-23-майда өтөт

Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси 22-23-майда өтөт. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинен  билдиришти. Маалыматка ылайык, жарманкелер Раззаков – Киев, Айтматов – Токтогул көчөлөр кесилишинде уюштурулат.   Бул жерлерден жарандар эт, сүт, ун жана башка азыктарды базар баасынан 10-15 пайызга арзан ала алат.

AstraZenecа британиялык вакцинасы Кыргызстанга майдын аягына чейин жеткирилет

AstraZenecа британиялык вакцинасы Кыргызстанга майдын аягына чейин жеткирилет. Бул тууралуу novosti.kgге Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.   Анын айтымында, вакцинанын 420 миң дозасы келет деп күтүлүүдө. Бул 210 миң адамды эмдөөгө жетет. AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүргүзүүдө адаттагыдай эле 65 жаштан жогорку, ден-соолугунун… Кененирээк…

Манастын эстелигин жасоого сынак башталды

Маданият министрлиги Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында Манастын эстелигин жасоого сынак жарыялады. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, сынак Кыргызстан менен Казакстандын кызматташтыгынын алкагында өтүп жатат.   Сынак Манастын образын мазмундуу чагылдыруу, профессионал скульпторлордун, сүрөтчүлөрдүн, архитекторлордун демилгесин жана алардын коомдук ишмердүүлүгүн жандандыруу максатында өтүп жатат.   Чыгармалар… Кененирээк…

Таиландда коронавируска каршы эмдөө үчүн жарандарга уй жана акчалай сыйлык берүү убадаланды

Таиландда коронавируска каршы эмдөө үчүн жарандарга уй жана акчалай сыйлык берүү убадаланды. Маалыматка ылайык, Чиангмай провинциясынын бийлиги эмделген бардык адамдарды акчалай сыйлыгы бар лотереяга катышууга чакырат.   Сыйлыктын баасы 318, 160 жана 78 доллар.   Ошондой эле алар жума сайын эмдөөдөн өткөн бир айылдашын тандап… Кененирээк…

Бишкек мэриясы бир нече билим берүү мекемелеринде калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт

Бишкек мэриясы бир нече билим берүү мекемелеринде калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт. Алсак, №75 бала бакчада сырткы жасалга жаңыланып, суу өткөрүү түтүктөрү оңдолот.   Ал эми №6 мектеп-гимназиясында акты залы жана фойе калыбына келтирилет. Андан тышкары, №28 орто билим берүү мекемесинде жылуулук системасын оңдоо пландалууда. Бул… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөнү тапшырууга акыркы мүмкүнчүлүк абитуриенттерге июндун экинчи жарымында берилет

Жалпы республикалык тестирлөөнү тапшырууга акыркы мүмкүнчүлүк абитуриенттерге июндун экинчи жарымында берилет. Билим берүүдөгү баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришкендей, соңку тестирлөө 22-23-июнда өтөт.   Сынак Бишкек жана Ошто гана уюштурулат. Бул олуттуу себептерден улам негизги тестирлөөгө жетишпей калгандар үчүн жасалат. Ал эми тестирлөөгө катталуу күндөрү… Кененирээк…

“Манас” эл аралык аэропортунда ПЦР-лаборатория ачылууда

“Манас” эл аралык аэропортунда ПЦР-лаборатория ачылууда. Анда жүргүнчүлөр тесттин жыйынтыгын бир сааттын ичинде ала алат, — деп билдиришти министрлер кабинетинен. Лабораторияны ачууга каржылык колдоону түштүк кореялык инвесторлор көрсөттү.   Бир күндө тестирлөөнү14 миң адам тапшыра алат. Министрлер кабинетинен белгилешкендей, туристтик сезон жакындагандыктан, бул лабораториянын ачылышы… Кененирээк…

Бишкектин №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда вакцина жарактан чыккандыгы үчүн 840 миң сомдук зыян келтирилди

Бишкектин №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда вакцина жарактан чыккандыгы үчүн 840 миң сомдук зыян келтирилди.   Бул тууралуу ордо калаанын социалдык суроолор боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.   Анын айтымында, чыгымды борбордун жетекчилиги жана жооптуу тараптары толуктайт. Эске салсак, атайын муздаткыч белгисиз себептерден  өчүрүлүп, “Спутник V”… Кененирээк…

Нарын облусунун Кызыл-Белес айылынын таза суу системасы жакшртылат

Нарын облусунун Кызыл-Белес айылынын таза суу системасы жакшртылат. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, аймактагы тармактар капиталдык ремонтто өткөрүлөт. Иштерге 5 миллион сом багытталат. Сумма чет элдик донор жана жергиликтүү тургундардан берилди.