Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык автобустарда жол кире акысын көтөрүү сунушталды
Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык автобустарда жол кире акысын көтөрүү сунушталды. Калаа мэриясынан билдиришкендей, 5 сомдон 8 сомго көтөрүү сунушталып жатат. Мындай чара күйүүчү майдын жана тетиктердин баасы жогорулап, автобустар өз чыгымдарын да жаба албай калганына байланыштуу. Аталган сунуш шаардык кеңештин депутаттарына жөнөтүлдү.