Кыргызстанда “Синофарм” жана “Спутник V” вакциналарынын биринчи дозасы аяктап жатат

Кыргызстанда “Синофарм” жана “Спутник V” вакциналарынын биринчи дозасы аяктап жатат.   Бул тууралуу 24 агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.   Анын айтымында, бул жумада өлкөдө вакцинанын биринчи компоненти менен эмдөө соңуна чыгат. Кытайдан препараттын экинчи партиясы күтүлүүдө, бирок ал качан келе турганы… Кененирээк…

Бишкекте быйыл 7 миңге чукул бүтүрүүчү мектепти аяктады

Бүгүн, 25-майда борбор калаанын 97 жалпы билим берүү мектептеринде 6 миң 980 бүтүрүүчүсүнө арналган жыйынтыктоочу класстык-сабак болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов онлайн режиминде бүтүрүүчүлөрдү куттуктады. Ошондой эле калаа башчысы мугалимдерди окуу жылынын… Кененирээк…

Адистер электр энергиясын үнөмдөө керектигин эскертет

Адистер электр энергиясын үнөмдөө керектигин эскертет. “Улуттук электр тармактары” ишканасы элге кайрылып, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Андан белгилешкендей, күз-кыш мезгили электр тармагындагы дефициттен улам катаал болушу күтүлөт.   Эске салсак, өткөн айда президент Садыр Жапаров электр энергиясынын тарифтерин көтөрүүнү сунуштаган.

Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезондо эс алуучулардын коопсуздугун 500дөн ашык милиция кызматкери камсыздайт

Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезондо эс алуучулардын коопсуздугун 500дөн ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу novosti.kgге аймактын ички иштер башкармалыгынан билдиришти.   Коомдук тартипти сактоого ошондой эле элдик кошуундун мүчөлөрү тартылат. Ал эми чет элдик туристтер менен туристтик милиция иш алып барат. Тоолуу аймактарда атайын каттам… Кененирээк…

Мамлекеттик ипотекалык компания “Менин үйүм” жаңы турак-жай программасын иштеп чыкты

Мамлекеттик ипотекалык компания “Менин үйүм” жаңы турак-жай программасын иштеп чыкты. Ал 2021-26-жылдарга эсептелген.   Программа жылдык пайыздык ченди төрткө чейин төмөндөтүүгө, баалуу кагаздарды чыгаруу жана аларды сатуу менен каражат тартууга жана инвестицияларды тартуу боюнча эл аралык донорлор менен иштөөгө багытталган.   Жаңы программаны ишке ашырууга  … Кененирээк…

Бишкектин соода борборлорундагы балдар аянттары азырынча ачылбайт

Бишкектин соода борборлорундагы балдар аянттары азырынча ачылбайт. Эпидемияга каршы комиссия аянттардын ишин убактылуу токтотуу боюнча чечимди күчүндө калтырды.   Буга Бишкекте коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал дагы деле курч экени негиз болду. Эске салсак, балдар аянттарынын ишине 1-апрелде тыюу салынган.

Кыргызстанга жакынкы арада Синофарм кытайлык вакцинасынын дагы 150 миң дозасы жеткирилет

Кыргызстанга жакынкы арада Синофарм кытайлык вакцинасынын дагы 150 миң дозасы жеткирилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.   Анын айтымында, кытайлык препарат гуманитардык негизде акысыз берилет. Эске салсак, 19-мартта Республикалык иммунопрофилактика борборунун линиясы менен өлкөгө кытайлык вакцинанын 150… Кененирээк…

Буга чейин берилген мамлекеттик ипотекалык насыялар боюнча пайыздык чендерди 4кө чейин төмөндөтүү пландалууда

Буга чейин берилген мамлекеттик ипотекалык насыялар боюнча пайыздык чендерди 4кө чейин төмөндөтүү пландалууда. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей, учурда насыялар “Жеткиликтүү турак-жай  2015-2020” программасынын алкагында жылдык 6-8 пайыз менен берилүүдө.   Эми “Менин үйүм” жаңы программасы тартууланды.   Анын алкагында жеңилдетилген шарттар каралган. Пайыздык чендер дагы… Кененирээк…

Парижде бардык коомдук транспорт акысыз болот

Парижде бардык коомдук транспорт акысыз болот. Жол кире чыгашалары толугу менен жергиликтүү ишкерлерге салыктын көлөмүн жогорулатуу жолу менен жабылат.   Бул программа Франциянын 30 шаарында иштеп жатат. Бул чечим экологдорго дагы жакты. Анткени, көптөгөн айдоочулар акысыз транспорт менен колдонуп, унааларынан баш тартып баштады.

Быйыл Кыргызстанда 11-классты 61 миң 546 окуучу аяктап жатат

Быйыл Кыргызстанда 11-классты 61 миң 546 окуучу аяктап жатат. Ал эми  9-классты 103 миң414 окуучу бүтүрдү. Бул тууралуу Билим берүү берүү министрлигинен билдиришти.   Белгилеп кетсек, пандемиядан улам акыркы коңгуроо салтанаты бүгүн онлайн форматта өттү. Окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында коомдук тартипти 3 миң 391 милиция көзөмөлдөп… Кененирээк…