Өлкөдө айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши түзүлдү

Кыргызстандын айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү максатында өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши түзүлдү. Бул тууралуу Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, кеңештин негизги милдети Кыргыз өлкөсүндө айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган пландардын жана иш-аракеттердин кызматташтыгын чыңдоо үчүн колдо болгон техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Ахунбаев, Элебесов, Токтоналиев, Лев Толстой, Лущихин көчөлөрүндө, Төкөлдөш, Арча-Бешик, Ынтымак, Киргизия, Ак-Босого, Ала-Тоо, Ак-Ордо конуштарында жок болот.   Убактылуу чектрөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Ордо калаада 3 көчөнү оңдоо иштери башталды

Ордо калаада 3 көчөнү оңдоо иштери башталды.   Мэриянын маалыматына ылайык, “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Абдымомунов көчөсү — Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейин, Жукеев-Пудовкин көчөсү — Кулатовдон Ахунбаев көчөсүнө чейин жана Матросов көчөсүнүн Ахунбаев — Медеров тилкеси калыбына келтирилет.   Белгилеп… Кененирээк…

Ысык-Көл аэропорту Россиянын 7 шаарынан каттамдарды тейлөөдө

Ысык-Көл аэропорту Россиянын 7 шаарынан каттамдарды тейлөөдө. “Манас” эл аралык аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, алар Москва, Санкт-Петербург, Минеральные Воды, Ростов-на-Дону, Уфа, Екатеринбург жана Новосибирск шаарлары.   Учактар жумасына бир жолу каттайт. Белгилеп кетсек, аталган каттамдар туристтик сезондо гана аткарылат.

WhatsApp жаңы функция киргизди

WhatsApp жаңы функция киргизди.   Эми колдонуучулар келген аудио билдирүүлөрдүн ылдамдыгын которо алат. Бул үчүн билдирүүнүн жанында баскыч болот. Аны менен ылдамдыкты өзөртүп алса болот.   Мессенджер өзгөрүүнү эстеп калып, кийинки аудио билдирүүлөрдүн ылдамдыгын ошондой кылып угузат.

Кыргызстан жана Россия почталары корпоративдик кардарларга жүк жеткирүүнүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча макулдашты

Кыргызстан жана Россия почталары корпоративдик кардарларга жүк жеткирүүнүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча макулдашты.   Россия Почтасынын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Россиядан Кыргызстанга посылка жеткирүүнүн баасы эки эсе арзандайт, алсак, 1 килограммга чейинки жүктү жеткирүү кызматы 1 миң 46 эмес, 498 рублду түзүп калат.  … Кененирээк…

Евразиялык экономикалык бирикменин алкагында баалуу металлдар жана таштардын бирдиктүү рыногу түзүлдү

Евразиялык экономикалык бирикменин алкагында баалуу металлдар жана таштардын бирдиктүү рыногу түзүлдү. Келишим зер буюмдардын тоскоолдуксуз жүгүртүлүшүнө шарт түзөт.   Ошондой эле, бул чаралар ЕАЭБ рыногунда үнөмдөөгө жана аны активдештирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Лейлек районунун Тогуз-Булак жергесинде кечээ сел жүрүп, ички чарбачылык жолду суу каптады

Лейлек районунун Тогуз-Булак жергесинде кечээ сел жүрүп, ички чарбачылык жолду суу каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, ошондой эле селден коргоочу канал жабыркады. Узун-Сай, Күнгөй, Кожо, Тешик-Таш жана Майдан тилкелеринде 30 узундугу метрге жакын  тармак жарактан чыкты.   Учурда өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери селдин кесепетин жоюуп… Кененирээк…

Кытайлык “Синофарм” вакциасынын экинчи партиясын жеткирүү суроосу чечилди

Кытайлык “Синофарм” вакциасынын экинчи партиясын жеткирүү суроосу чечилди.   Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Андан такташкандай, Кытай 150 миң доза препаратты кайсы шаардан алып кетүү керектигин маалымдашы керек.   Ал эми россиялык “Спутник V” вакцинасы майдын аягына чейин өлкөгө жеткирилет.   AstraZeneca… Кененирээк…

Ботаникалык бакчанын оранжереясы кайра калыбына келтирүүгө жабылды

Ботаникалык бакчанын оранжереясы кайра калыбына келтирүүгө жабылды. Бакчанын кызматкерлеринин айтымында, иштер 10 күнгө созулат. Анда айнектерди толугу менен алмаштыруу пландалууда.   Эске салсак, оранжереянын аянты   500 чарчы метрди түзөт. Ал 1947-жылы курулган. Бакчада дүйнөнүн ар тарабынан алынып келинген тропикалык жана экзотикалык өсүмдүктөр бар.