“Ювентус” клубунун башкы машыктыруучусу Андреа Пирло кызматынан кетти

“Ювентус” клубунун башкы машыктыруучусу Андреа Пирло кызматынан кетти. Мындай маалымат туриндик клубдун расмий сайтына жарыяланды. Андреа Пирло “Ювентус” клубуна 2020-жылы машыктыруучу болуп келген.   Аны менен бирге клуб Италиянын Кубогун жана Суперкубогун жеңип алып, А сериясында 2011-жылдан бери биринчи жолу чемпион болбой калган.

Баткен облусунда 3 мектептин курулушу планга ылайык жүрүүдө

Баткен облусунда 3 мектептин курулушу планга ылайык жүрүүдө.   Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигининен билдиришкендей, билим берүү мекемелери Баткенде жана Лейлек районунун Гөлбө айылында, Кадамжай районуну Чуңкур-Кыштак айылдарында жайгашкан.   Мектептердин эң кичинекей дегени 275 окуучуга эсептелген. Каражатты курулуш иштерине Сауд өнүктүрүү фонду бөлүп берген.… Кененирээк…

Исхак Пирматов депутаттык мандатын тапшырат

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.   Маалыматка ылайык, Исхак Пирматов мандатын өз каалоосу менен тапшырат. Анын арызы БШКнын бүгүнкү жыйынында каралмакчы. Исхак Пирматов Жогорку Кеңешке 2015-жылы «Бир Бол» партиясы менен келген.

Бишкек мэриясы 1-июнь, Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык программа даярдады

Бишкек мэриясы 1-июнь, Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык программа даярдады. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, тизмеде ар кандай көргөзмөлөр жана концерттер бар.   Программа менен кененирээк мэриянын сайтында таанышса болот. Эске салсак, 5 миңдей бала Бишкекте шаар жетекчилигинен материалдык жардам алышат.   Анын ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген,… Кененирээк…

Абитуриенттерде жалпы республикалык тестирлөөнү тапшыруу үчүн акыркы мүмкүнчүлүк июндун экинчи жарымында берилет

Абитуриенттерде жалпы республикалык тестирлөөнү тапшыруу үчүн акыркы мүмкүнчүлүк июндун экинчи жарымында берилет. Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунун маалыматына ылайык, кечиктирилген тестирлөө  22-23-июнда Бишкек жана Ош шаарларында гана өтөт.   Ага негизги сынакка олуттуу себептер менен жетишпей калгандар катталса болот.

Ордо калаанын 6 миңден ашык тургуну жарыксыз калышы мүмкүн

Ордо калаанын 6 миңден ашык тургуну жарыксыз калышы мүмкүн. “Түндүкэлектр” 31-майдан тарта карызы бар керектөөчүлөрдү электр энергиясынан аралыктан өчүрүп баштайт.   Андыктан, береселерди ага чейин төгүү сунушталат. Муну терминалардан же электрондук капчыктардан ишке ашырса болот. Бөлүштүрүүчү компаниядан белгилешкендей, бишкектиктердин жарык үчүн карызы 62 миллион сомду… Кененирээк…

Баткен облусунда Миң-Булак – Чорго – Ак-Сай унаа жолу курулууда

Баткен облусунда Миң-Булак – Чорго – Ак-Сай унаа жолу курулууда. Президенттин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, трасса Тажикстан аймагын айланып өтүүгө шарт түзөт.   Жолдун жалпы узундугу 48 чакырымга жетет. Учурда анын 7чакырымында иштер жүрүүдө, андан тышкары, бийик ашуу аркылуу өтө турган тилкенин долбоордук-сметалык документи даярдалды.

Сот Бишкектин экс-вице-мэри Алымкуловду 260 миң сомдук айыпка жыкты

Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары Азиз Алымкуловго 260 миң сом акчалай айып салынды. Бул тууралуу баш калаанын Биринчи май райондук соту билдирди. Чечим 26-майда чыккан. Сот аны кылмыш жасаган деп тапкан. Вице-мэр жана УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмүнүн башчысы кармалып, камакка алынды.   Мурдагы… Кененирээк…

Казакстандын ТИМ башчысы расмий сапар менен Кыргызстанга келди

Бишкекке расмий иш сапары менен Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди келди. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМинин маалымат кызматы кабарлады. Казакстандын чиновниги министр Руслан Казакбаевдин чакыруусу менен келди.   Эки күндүк иш сапарда Тлеуберди өлкө башчысы Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, тышкы иштер министри… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш “Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңеш “Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Документ аймакка артыкчылыктарды берүүнү көздөйт. Аны министрлер кабинети демилгеледи.   Ага ылайык, өзгөчө макам жеке ишкерликке жакшы шарттарды түзүп, калктын иш менен камсыз болуусун камсыздап, өз учурунда чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт. Талкуунун жүрүшүндө… Кененирээк…