Кытайда үч балалуу болгонго уруксат берилди

Кытайда үч балалуу болгонго уруксат берилди. Мындай чечим Кытай калкынын тез карып баратканына байланыштуу кабыл алынды. «Синхуа» агенттиги билдиргендей, чечим бүгүн, 31-майда жактырылды. Ал качан күчүнө кирери белгисиз. Эске салсак, дээрлик 40 жылга чукул Кытай «бир үй-бүлөгө бир бала» саясатын жүргүздү, бирок балдардын төрөлүшү кыскарууда.… Кененирээк…

Жалпы жарандык биометрикалык паспаорттор шашылыш түрдө бериле баштады

Мамлекеттик каттоо кызматы бүгүнтөн тартып жалпы жарандык биометрикалык паспаортторду шашылыш түрдө бере баштады. Ведомстводон билдиришкендей, документти 3 саатта, 2 же 8 күндө алса болот. Ал эми паспорттун баасы жасалуу мөөнөтүнө жараша болот. Эске салсак, жаңы үлгүдөгү документ эл аралык стандартка жооп берет. Лазердик технология менен… Кененирээк…

Ысык-Көлдө тоого чуркоо марафону өтөт

Ысык-Көлдө тоого чуркоо марафону өтөт. Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, иш-чара 19-июнда өтөт. Белгилеп кет сек, аталган марафон Кыргызстанда 2018-жылдан тартып өткөрүлүп келет. Жыл сайын ага Кыргызстандан жана Казакстандан 300гө жакын жөө күлүк катышат. Анда 3, 10, 22, 42 чакырымга чуркоо пландалат.

Баткен облусундагы чек ара жаңжалынан жабыркаган жарандардын документтерин калыбына келтрүү улануда

Баткен облусундагы чек ара жаңжалынан жабыркаган жарандардын документтерин калыбына келтрүү улануда. Бүгүнкү күндө келип түшкөн 248 арыз боюнча 173 документ жасалып бүттү, — дешти Мамлекеттик каттоо кызматынан. Калыбына келтирүү боюнча арыздардын көбү ID-карта боюнча берилди. Андан тышкары, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике тууралуу, өлүм жөнүндө, транспорт… Кененирээк…

Өмүрбек Бабанов кармалды

Кумтөр долбоорун ишке ашырууда коррупциялык ишке барган деген шек менен Өмүрбек Бабанов кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги Кумтөр кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашыруудагы коррупциялык фактылар тууралуу козголгон кылмыш иши боюнча тергөөнү улантууда. «Тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында Кылмыш-жаза… Кененирээк…

Кыргызстанда “Алтын тамга” сынагы өтүп жатат

Кыргызстанда “Алтын тамга” сынагы өтүп жатат. novosti.kgге улуттук тестирлөө борборунан билдиришкендей, жалпысынан 1 миң 638 адамдан арыз түштү. Ош жана Баткен облустарынын бүтүрүүчүлөрү тест тапшырышты, 3-июндан тартып өлкөнүн  түндүк аймактарындагы окуучулар текшерилет. Тестирлөөнүн жыйынтыгын 15-июнга чейин чыгаруу пландалууда. Эске салсак, “Алтын тамга” сынагына 11-класстын кызыл… Кененирээк…

Кайра өтө турган шайлоого карата бюлетень тексти 28-июнга чейин бекитилет

Кайра өтө турган шайлоого карата бюлетень тексти 28-июнга чейин бекитилет. БШК маалыматына ылайык, документтерди 3-июлга чейин даярдап жана аларды тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына берүү керек. Ал эми шайлоо тилкелерине 8-июлдан кеч эмес жеткирилиши зарыл. Эске салсак, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерди кайрадан шайлоо 11-июлда… Кененирээк…

Бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия чемпионатында 4 коло медалга ээ болду

Бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия чемпионатында 4 коло медалга ээ болду. Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, мелдеште Азат Үсеналиев, Акылбек Эсенбек уулу, Эркин Адылбек уулу жана Рустам Ырысбек уулу байгелүү орундарга ээ болушту. Азия биринчилиги Дубайда өтүп жатат. Ал эртең, 1-июнда жыйынтыкталат.

Чүй облусунун Сокулук районунда ирригациялык тармактар пайда болот

Чүй облусунун Сокулук районунда ирригациялык тармактар пайда болот. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, иштер Жаш Гвардия көчөсүндө аткарылып жатат. Анда жарым чакырымга жеткен тротуар түшүрүлүп, 2 чакырымды түзгөн лотоктор орнотулуп жатат. Иштерге 3,5 миллион сом багытталат. Сумма облусту өнүктүрүү фондунан бөлүнүп берилет.

Бишкектеги №75 улуттук компьютердик гимназиянын кошумча корпусу жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет

Бишкектеги №75 улуттук компьютердик гимназиянын кошумча корпусу жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, объекти 375 окуучуга эсептелет. Бүгүнкү күндө, жумуштардын жарымынан көбү аткарылды жана ички жасалгалоо, эшик, терезелерди орнотуу, электромонтаждоо иштери жүрүп жатат. Долбоордун сметалык баасы 1 миллион долларды түзөт.… Кененирээк…