«Торугарт» көзөмөл-өткөрүү түйүнүндө 15-майдан тарта жүк ташуучу унаалардын саны көбөйдү

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү жайында 15-майдан тарта жүк ташуучу автоунаалардын саны күнүнө 50-60ка көбөйдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, ведомство жетекчиси Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алып, кытай тараптын көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын ишин жөнгө салуу боюнча аракеттерин кубаттады. «Кытайдын… Кененирээк…

Белорусия өз жарандарына сыртка чыгууга тыюу салды

Беларус өз жарандарына коронавирус пандемиясына байланыштуу чет өлкөлөргө чыгууга убактылуу тыюу салды. Оппозиция бул чечимди «адам эркиндигин чектөөнүн дагы бир аракети» деп сынга алды. Чек ара комитети билдиргендей, мамлекеттик кызматкерлерге жана чет жакта туруктуу жашоого уруксаты барларга гана тышка чыгууга уруксат бар. Оппозиция лидери Светлана… Кененирээк…

Орловка шаарына жаңы мэр шайланды

Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаардык кеӊешинин сессиясында 21 депутат бир добуштан жалгыз талапкер Чанчаров Бактыбек Асаналиевичти кайрадан Орловка шаарынын мэри кылып шайлашты. Бул тууралуу мэриянын инвестиция тартуу боюнча башкы адиси Нургүл Мамырканова билдирди. Маалым болгондой, бул күнү депутаттар күбөлүк жана төш белгилерин алышкан.

Өмүрбек Бабанов 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди

Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасын тандады. Соттун чечими менен саясатчы эки айга, 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Эске салсак, мурдагы премьер-министр 31-майда кармалган. Ошол эле күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров кармалып, эки айга камалган. Мындан сырткары, экс-депутаттар Талант… Кененирээк…

Бишкекте маршруттук таксилерде жол кирени көтөрүү маселеси сентябрда чечилет

Бишкекте маршруттук таксилерде жол кирени көтөрүү маселеси сентябрда чечилет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов убадалагандай,  тарифтерди өзгөртүү чечимин шаардык кеңеш күздүн биринчи айында карайт. Ал эми компаниянын өкүлдөрү буга макул болуп, маршруттук таксилердин айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзөрүн билдиришти. Белгилеп… Кененирээк…

Кыргызстанда COVID-19га каршы кытайлык “SinoPfarm” вакцинасынын биринчи компоненти түгөндү

Кыргызстанда COVID-19га каршы кытайлык “SinoPfarm” вакцинасынын биринчи компоненти түгөндү. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, вакцинанын биринчи дозасы Бишкекте эрте түгөндү. Бул Кытай тараптан жеткирилген препараттын 150 миң дозасы. Азыр экинчи доза менен эмдөө уланууда. Белгилеп кетсек, буга чейин Кытайдан… Кененирээк…

3 шаардык кеңешке катышуудан баш тартууну каалгандар 8-июлга чейин билдирсе болот

11-июлда кайра өтө турган Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерди шайлоого катышуудан партиялар добуш берүүгө 2 күн калганда баш татрса болот. 24 агенттигине БШКдан билдиришкендей, саясий уюмдар 8-июлга чейин өздөрүнүн документтерин алып кетсе болот. Комиссиядан белгилешкендей, партиялар 28-июнга чейин, тагыраагы бюллетендер бекитилгенге дейре баш тартса,… Кененирээк…

Бизде эле эмес Өзбекстанда дагы күн катуу ысып, рекорддук чектен ашты

Бизде эле эмес Өзбекстанда дагы күн катуу ысып, рекорддук чектен ашты. «Узгидромет» 1-июнда билдиргендей, акыркы күндөрү Бухара облусунда абанын температурасы 43 градуска чейин көтөрүлдү. Бул аймакта акыркы жолу 1967-жылы 40 градустан ашкан ысык болгон. Ургенч шаарында деле ушундай эле аба ырайы катталды. Бул жерде мындай… Кененирээк…

Кыргызстанда 2021-жылдын январь-май айлары аралыгында 19 миң 498 нике катталды

Кыргызстанда 2021-жылдын январь-май айлары аралыгында 19 миң 498 нике катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бардык никелердин 20%дан ашыгы Ош облусунда болгон. Өлкөнүн региондорунда нике актыларын мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй болгон: — Бишкек шаары — 3 608 бирдик; — Чүй… Кененирээк…

Кыргызстанда карышкыр менен чөөнү атууга сый акы жогорулады

Кыргызстанда карышкыр менен чөөнү атууга сый акы жогорулады. Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, атылган ар бир чоң карышкыр үчүн 10 миң сом, ал эми бөлтүрүккө 3 миң сом төлөнөт. Учурда карышкырга 6, ал эми баласына 1,5 сом берилет. Ал эми чөөнүн терисине 5 миң сом каралды.… Кененирээк…