Бишкекте муниципалдык коомдук транспорт күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Учурда Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы жана Бишкек троллейбус башкармалыгы күчөтүлгөн режимде таңкы саат 5:30дан кечки 23:00гө чейин иштеп жатышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын баса сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 11 каттам боюнча 118 автобус линияларда каттоодо: — № 6 «Ак-Ордо — Тунгуч»; — №7 «Дача… Кененирээк…

ТИМ Тажикстанга нааразычылык нотасын тапшырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Тажикстандын Бишкектеги элчисин чакырып, нааразычылык нотасын тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Ага ылайык, нота Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагына тажик аскер кызматчыларынын жана аскердик техникасынын максаттуу ичкери кирип келишине карата тапшырылган. ТИМ тараткан маалыматта эки өлкөнүн… Кененирээк…

Аскердик тик учак авариялык абалда конгон аймакка 3 тез жардам бригадасы жөнөп кетти

Аскердик тик учак авариялык абалда конгон аймакка 3 тез жардам бригадасы жөнөп кетти. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, Ош облусунун Ноокат районунун Кичи-Алай аймагынан чакыруу түштү. Жабыркагандар ооруканага жеткирилгенден кийин кошумча маалымат берилет. Кошумчаласак, Коргоо министрлиги МИ-8 МТ аскердик тик учагы авариялык абалда конууга аргасыз болгонун… Кененирээк…

Жыл башынан бери пенсия жана жөлөкпулду каржылоого 20,7 млрд сом сарпталды

2021-жылдын январь-май айыларында пенсия жана жөлөкпулга 20 млрд 754,5 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди. Алсак: — Бишкек шаарында — 3 млрд 396,2 млн сом; — Чуй облусунда — 3 млрд 190,8 млн сом; — Нарын облусунда — 1 млрд… Кененирээк…

Мамлекеттик салык кызматы 97 миллиард сом чогултууну пландап жатат

Быйыл Мамлекеттик салык кызматы кеминде 97 миллиард сом салыктарды жана жыйымдарды чогултууну пландаштырууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Ильяз Иманбетов салык процедураларын фискалдаштыруу темасындагы тегерек столдун жүрүшүндө билдирди. «Салык процедураларын санариптештирүү боюнча “Смарт салым” долбоору ишке ашырылгандан бери, 2020-жылдын июнь айынан баштап, салыктар пландаштырылгандан 7,5 миллиард… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүй облусунун тургундарына катуу шамал болорун эскертет

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүй облусунун тургундарына катуу шамал болорун эскертет. Анын ылдамдыгы секундасына 18 метрге чейин жетет. Эскертүү кеч киргенге чейин сакталат. Анын ортосунда ордо калаада аба-ырайы эртең кооптуу болот. Ишембиде күндүн экинчи жарымында катуу шамал болуп, абаынын табы +37 градуска жетет. Эске салсак, синоптиктердин… Кененирээк…

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу 7-июндан 11ине чейин жабылат

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу 7-июндан 11ине чейин жабылат. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, трассанын 132-чакырымында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Андан улам, жол саат 9дан 3кө чейин жабык болот. Айдоочуларга каттамдарды эртелеп түзүп алуу сунушталат.

Абадагы коргоо күчтөрүнүн Ми-8 МТ тик учагы Ош облусунун Ноокат районуна муктаждык менен конду

Абадагы коргоо күчтөрүнүн Ми-8 МТ тик учагы Ош облусунун Ноокат районуна муктаждык менен конду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, бортто 10го жакын адам бар болчу, каза тапкандар жок. Алдын ала маалымат боюнча, 3 адам анча чоң эмес жарат алды. Аларга… Кененирээк…

“Акыркы көч” тасмасы эл аралык фестивалда 5 номинаттын катарына кирди

“Акыркы көч” тасмасы эл аралык фестивалда 5 номинаттын катарына кирди. Тасманын режиссерлору Бакыт Мукул жана Дастана Жапар уулу. Кинематография департаментинен билдиришкендей, сынакта биздин өлкөдөн тышкары Япония, Вьетнам, Кытай жана Индия ат салышат. Конкус 24-27-июнь аралыгында Гонконгдо өтөт. Аталган эл аралык фестивалга дүйнөдөгү жаңы режиссерлордун жана… Кененирээк…

Бишкектеги Койбагаров көчөсүнүн курулуш иштери 30-июнга чейин аяктайт

Бишкектеги Койбагаров көчөсүнүн курулуш иштери 30-июнга чейин аяктайт. Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, аталган тилкеге асфальт төшөлдү. Жолчулар учурда Каралаевден Карл Марк көчөсүнө чейин тротуар түшүрүү менен алек. Андан кийин асфальттын экинчи катмары төшөлөт. Оңдоп-түзөө иштери толук ушул айдын аягында жыйынтыкталат.