Акыркы сутка ичинде 320 адам коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда 5-июнга карата коронавирус дагы 413 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкекте – 157, Ош шаарында – 51, Чүй облусунда – 98, Ош облусунда – 41,  Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда –… Кененирээк…

Ош облустук бириккен ооруканасына 14 жабырлануучу жеткирилди

Ош облустук бириккен ооруканасына медициналык тез жардам кызматы аркылуу 14 жабырлануучу жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинен ар түрдүү деңгээлдеги күйүк алган 5 жабырлануучу күйүк бөлүмүнө, бирөө травматологияга, 3 адам нейрохирургияга жаткырылды. «Бир жабырлануучунун… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаровду коштоп бараткан кортеждин бир унаасы Ысык-Көл облусунда кырсыкка кабылып, УКМКнын бир офицери каза тапты

Президент Садыр Жапаровду коштоп бараткан кортеждин бир унаасы Ысык-Көл облусунда кырсыкка кабылып, Улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын бир офицери каза болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Жапаровду коштоп бараткан автоунаа Ысык-Көл районунун Ананьево айылында каршы тилкеге чыга калган жеңил машина менен сүзүшкөн. Алдын ала маалыматта… Кененирээк…

Бишкекте №6 шаардык клиникалык оорукананын жаңы имаратынын курулушу уланууда

Бишкекте №6 шаардык клиникалык оорукананын жаңы имаратынын курулушу уланууда. Мекеме 3 кабаттуу болот жана анда бардык шарттар каралып, 70 орунга чакталат. Пландалгандай, курулуш иштери 2022-жылдын аягында жыйынтыкталат. Долбоорду ишке ашырууга 82 миллион сом багытталат. Сумма Катар кайрымдуулук уюму тарабынан берилет.

Маршруттук таксилердин айдоочулары линияларга кайта баштады

Маршруттук таксилердин айдоочулары линияларга кайта баштады. Мэриянын басма сөз кызматынан белгилешкендей, айдоочулардын иш таштоосу аяктады деп айтууга эрте, бирок процесс ишке кирди. Эске салсак, бишкектик маршуттук таксилердин айдоочулары 2-июндан бери иш таштоосун улантууда. Алар жол кире акысын көтөрүүнү талап кылып кылып жатышат. 3 күн бою… Кененирээк…

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы 5 айылдын тургундары эвакуацияланды

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы 5 айылдын тургундары эвакуацияланды. Бул тууралуу 24 агенттигине райондук администрациянын аппарат башчысы Файзидин Низамов билдирди. Анын айтымында, Жекенди айыл аймагындагы 8 миңге жакын жашоочу үйлөрүн таштап кетишти. Ал белгилегендей, Чоң-Алай районунда азырынча кырдаал туруктуу. Бийлик тургундарды эгер чыр-чатак курчуп кетсе, коопсуздук… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасынын Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагында учурда кырдаал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасынын Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагында учурда кырдаал туруктуу. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Түн тынч өттү, чыр-чатак катталган жок. Кырдаалды көзөмөлдөө боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аймагында чек арачылар кызматты күчөтүлгөн режимде өтөп жатат.