Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт
Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 7ге чейин суу Тунгуч кичи районунда жана Рухий-Мурас жаңы конушунда жок болот. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.