Синоптиктерден шашылыш билдирүү

Синоптиктерден шашылыш билдирүү. Бишкекте катуу шамал болот.   Анын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жетет. Андыктан, жарандарга этият болуп, жеңил конструкциялардын алдынан өтпөө жана унааларды бак-дарактардын алдына токтотпоо сунушталат.   Белгилеп кетсек, ордо калаада 3 күндөн бери катуу шамал болуп жатат. Буга чейин шамалдын жыйынтыгында 3… Кененирээк…

Мамлекеттик каттоо кызматы акысыз айди карта берүү кампаниясын улантууда

Мамлекеттик каттоо кызматы акысыз айди карта берүү кампаниясын улантууда. Бүгүнкү күнгө карата документтерге 37  жаран ээ болду.   Буга чейин кызмат улуттук кампания жарыялаган, анын алкагында бир нече категорияга кирген адамдарга паспорттор акысыз берилет.   Аларга балдар интернаттарынын тарбиялануучулары, жетимдер, майыптар, 70 жаштан жогорку пенсионерлер… Кененирээк…

Кайра шайлоого аттанган партиялардын талапкерлеринин тизмеси 23-июнга чейин жарыяланат

Кайра шайлоого аттанган партиялардын талапкерлеринин тизмеси 23-июнга чейин жарыяланат. БШКнын маалыматына ылайык, 20-июнга чейин шаардык шайлоо комиссиялары партияларды каттай алат.   Эгер саясий уюмдар кандайдыр бир себептер менен каттоодон өтө албаса, анда 3 күндүн ичинде чечимди соттон талашса болот. Белгилеп кетсек, шаардык шайлоо комиссияларына документ… Кененирээк…

National Geographic жер жүзүндө бешинчи океан бар экенин расмий тааныды

National Geographic илимий жана билим берүү журналы Жер планетасында бешинчи, Түштүк деп аталган океан бар экенин айтып чыкты. Бул тууралуу маалымат басылманын расмий сайтына жарыяланды. Аталган журнал 1915-жылдан тарта карта чыгарып келет, анда дайыма Атлантика, Тынч, Индия жана Түндүк муз океаны белгиленет. Илимий коомчулук да буга чейин… Кененирээк…

Ордо калаада “Маяк” рейдинин алкагында 50 миң сомго айып салынды

Ордо калаада “Маяк” рейдинин алкагында 50 миң сомго айып салынды.   Бул тууралуу Кайгуул милиция кызматынан билдиришти. Эске салсак, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө Тез жардам кызматын өткөрбөй койгон айдоочулар аныкталат.   Мындай бузуу үчүн 10 миң сом айып салынат.

Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсү убактылуу жабылат

Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсү убактылуу жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, анын Горький – Кулатов тилкесинде оңдоо иштери башталды. Калыбына келтирүүдөн кийин анын кеңдиги 9 метрге жетет.   Андан тышкары, ирригациялык тармак өткөрүлүп, тротуарлар салынат. Иштер ушул жылдын сентябрына чейин аяктайт. Айдоочуларга альтернативалык каттам катары 7-апрель жана Абдрахманов… Кененирээк…

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерин кайра шайлоого 48 миллион 344 миң сом жумшалат

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерин кайра шайлоого 48 миллион 344 миң сом жумшалат. БШКнын маалыматына ылайык, каражаттын басымдуу бөлүгү операторлордун айлыгына багытталат.   Ошондой эле, сметада транспорттук чыгашалар, жабдууларды сатып алуу, Соцфондко которуулар жана башка беренелер бар. эске салсак, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык… Кененирээк…

Польшада футбол беттеши өзгөчө ыкма менен токтотулду

Польшада футбол беттеши өзгөчө ыкма менен токтотулду. Жолугушуу кызып жаткан учурда оюн талаасына парашют менен адам конду.   Калыс стадиондо парашюттун жиптерине чырмашып калган 23-оюнчуну көрүп, беттешти токтотууга аргасыз болду.   Алаңдаган парашютист сары кагаз алып, оюн талаасынан четтетилди. Андан кийин гана футболчулар оюнду уланта… Кененирээк…

Ошто Ак-Буура дарыясынын жээктери бекемделүүдө

Ошто Ак-Буура дарыясынын жээктери бекемделүүдө. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, жеринде 20 миң куб араван ташы төшөлдү. Андан тышкары, санитардык тазалоо жүргүзүлүп, жээк көрктөндүрүлдү.   Бул максатта 10 атайын текхника жана 40 кызматкер тартылды. Ак-Буура дарыясын бекемдөө иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз тургузулган объектилер алынды.

Кыргызстанда ушул жылдын алгачкы 4 айында дээрлик 3 миңден ашык жеке турак-жай курулду

Кыргызстанда ушул жылдын алгачкы 4 айында дээрлик 3 миңден ашык жеке турак-жай курулду.   Улуттук статистика  комитетинин маалыматына ылайык, өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, үй куруу көрсөткүчү 47 пайызга өстү.   Эң көп объектилер Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында пайда болду.   Эң… Кененирээк…