Киевде саякатчы ит пайда болду

Киевде саякатчы ит пайда болду. Жаныбар 3 мамлекет, 116 шаарга барып, транспорттун 16 түрү менен колдонууга жетишти. Бул жетишкендиктери үчүн ит Улуттук рекорддор реестрине катталды.   Муну тастыктаган диплом итке салтанаттуу түрдө тапшырылып, ага Украинадан такыр чыга элек адамдар жана башка иттер катышты.

Бишкекте 15 жуп кооз датада никесин каттоодон өткөрдү

Бишкекте 15 жуп кооз датада никесин каттоодон өткөрдү. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, 6-июнда түгөйлөр Бишкектеги Бакыт үйүндө каттоого турушту.   Анын төртөө чет элдик жарандар менен никелешкен. 06.06 датасы жекшемби күнгө туш келгенине карабастан, каттоого турууга талабы жогору болду, — дешти ведомстводон.

Бишкек мэриясы электробустарды сатып алуу боюнча Азиялык өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Бишкек мэриясы электробустарды сатып алуу боюнча Азиялык өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар бийлиги банк менен кийинки кызматташуусун токтотту деген маалымат чындыкка дал келбейт.   Транспорт суроолору боюнча вице-мэр Русланбек Акылбековдун келиши менен бул маселе кайрадан көтөрүлдү. Учурда электробус жана электр унааларын жеткирүү… Кененирээк…

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга коронавирустан вакцина сатып алууга 20 миллион доллар бөлүп берет

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга коронавирустан вакцина сатып алууга 20 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу каржы мекемесинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Каражаттын жарымы өлкөгө грант түрүндө келсе, калган 10 миллион 38 жылга насыяга берилет.   Бул каражатка өлкө бийлиги коронавирустан вакцина сатып алып, калктын 45 пайызын эмдөө… Кененирээк…

Кыргызстанга кытайлык “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасы 20-июнга чейин жеткирилет

Кыргызстанга кытайлык “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасы 20-июнга чейин жеткирилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Анын айтымында, буга чейин белгилүү болгондой, препараттын экинчи партиясын жеткирүү үчүн чартердик каттам уюштурулат.   Эске салсак, өлкөгө кытайдын “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасы келип, массалык… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты. Дүйнөлүк күрөш уюмунун маалыматына ылайык, бул Тыныбекованын Польшада өткөн турнирде алтын медаль багындырганына байланштуу.   Андан тышкары,  68 килограммга чейинки салмак ченинде килемге чыккан Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк ТОП-3түн катарында. Ал эми Айпери Медет кызы 5-орунга жайгашты.

Быйыл Кыргызстанда Курман айт 20 же 21-июлга туура келет

Быйыл Кыргызстанда Курман айт 20 же 21-июлга туура келет. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Андан такташкандай, так дата бир жума калганда айтылат.   Айт намазын аянттарда жалпылап окууга чектөө коюлар-коюлбасы дагы ошондо чечилет. Орозо айт быйыл 13-майда белгиленген. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам айт намаз… Кененирээк…

Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында катуу жааган жаан сел жүрүүгө алып келди

Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында катуу жааган жаан сел жүрүүгө алып келди. Ылай аралаш масса 10 гектар айдоо талааларын жабыркатты. Андан тышкары, беде эгилген 15 гектар жер суу алдында калды.   Ошондой эле, сел Нарын – Баетов – Макмал унаа жолунун бир бөлүгүн жууп кетти. Учурда… Кененирээк…

Айыл-чарба министрлиги кургакчылыктан улам айыл-чарба продукциясын экспорттоого чектөөнү узартууну сунуштады

Айыл-чарба министрлиги кургакчылыктан улам айыл-чарба продукциясын экспорттоого чектөөнү узартууну сунуштады. Кеп буудай, жүгөрү, күрүч, суу май, кумшекер жана тоок жумурткасы тууралуу болуп жатат.   Тыюу 8-январда киргизилип, жарым жыл күчүндө болду. Эми ведомство бул чектөөнү жыл аягына чейин калтырууну суранууда. Жүйөө катары бир нече фактылар… Кененирээк…

Кайра шайлоого катыша тургандардын тизмеси 326 шайлоо тилкелеринде илинди

Кайра шайлоого катыша тургандардын тизмеси 326 шайлоо тилкелеринде илинди. Жарандар алардан өздөрүн таап, маалыматты текшерип алышы керек, — дешти БШКдан. Бул үчүн мамлекеттик Tizme.gov.kg  порталы дагы жеткиликтүү.   3 шаарда жалпысынан 610 миң 160 адам добуш берүүгө укуктуу.   Анын эң көбү Бишкекке туура келет –… Кененирээк…