Россиянын президенти Владимир Путин АКШ лидери Жо Байден менен жолукту

Россиянын президенти Владимир Путин АКШ лидери Жо Байден менен жолукту. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Эки лидер Женеванын Ла Гранж вилласынан көрүшүп, Швейцариянын президенти Ги Пармелен менен сүрөткө түштү. Учурда Путин менен Байден тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрүн баштады. Буга чейин Россия менен АКШнын президенттери Женева саммитинен кийин жолугуп,… Кененирээк…

Бишкектин Ленин жана Свердлов райондоруна жаңы акимдер дайындалды

Бишкек шаарынын Ленин жана Свердлов райондоруна жаңы акимдер дайындалды. бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, муниципалдык кызматкерлердин потенциалын сарамжалдуу пайдалануу үчүн, Свердлов районунун башчысы Осмонов Мурат Мукашбекович ротациялоо жолу менен Ленин районунун башчысы кызматына которулду. Мурунку аким Өскөмбаев Мелис Кубанычбекович жеке арызынын… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң кызыктуу көчөлөр аталды

Дүйнөдөгү эң кызыктуу көчөлөр аталды. Рейтингди TimeOut туристтик порталы түздү. Тизменин сап башында Мельбурндагы Смит-Стрит жайгашты. Анда бары бар, футбол пабынан тартып, эпатаждуу түнкү клубга чейин. Экинчиде – Барселонадагы Сан-Хуан проспектиси турат. Бул – жөө жана вело жүрүүчүлөр үчүн оазис. Биринчиден ал жакта көптөгөн эс… Кененирээк…

Москвада тейлөө тармагында иштеген кызматкерлердин 60 пайызы милдеттүү түрдө COVIDге каршы эмделиши керек

Москвада тейлөө тармагында иштеген кызматкерлердин 60 пайызы милдеттүү түрдө COVIDге каршы эмделиши керек. Бул тууралуу калаа мэри Сергей Собянин жарыялады. Белгилеп кетсек, Москвада эпидемиологиялык кырдаал начарлап жаткандыктан кечээтен тартып бир жумалык карантин киргизилди. Москвада суткасына вирустун жаңы 11 миң учуру катталууда.

Кыргызстандан сабиз жана картошканы экспорттоого убактылуу тыюу салынат

Кыргызстандан сабиз жана картошканы экспорттоого убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев билдирди. Анын айтымында, аталган азыктарды сыртка чыгаруу кийинки жума башталып, сентябрга чейин созулушу ыктымал. Ал жаңы түшүмдү алганга чейин сакталат. Белгилеп кетсек, экспортко чектөөлөрдү… Кененирээк…

Бишкекте ушул дем алыш күндөрү күн бүркөлүп, жаан жаайт

Бишкекте ушул дем алыш күндөрү күн бүркөлүп, жаан жаайт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, алдыда 3 күн бою жаан-чачын күтүлбөйт. Бүгүн кечинде ылдамдыгы секундасына 17 метрге жеткен шамал болот. Бишкекте, өзгөчө шаардын четинде чаң көтөрүлөт. Дал ушул шамал нымдуу жана салкын абаны Сибирден республиканын чыгыш бөлүгүнө алып… Кененирээк…

Ошто “Кең-Сай” конушундагы жолдун курулушу башталды

Ошто “Кең-Сай” конушундагы жолдун курулушу башталды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, трассанын узундугу 2,5 чакырымга, туурасы 7 метрге жетет. Ошондой эле тилкенин эки тарабына тротуар түшүрүлөт. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 38 миллион сомду түзөт. Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүндү. Иштерди быйыл сентябрга чейин бүтүрүү пландалууда.

Жалал-Абадда жаңы күндүзгү 30 орундуу стационар ачылды

Жалал-Абадда жаңы күндүзгү 30 орундуу стационар ачылды. Бейтаптар паспортун, рентген жана ПЦР-тестин көрсөтүшү керек. Убактылуу медициналык мекеме саат 8ден кечки 8ге чейин иштейт. Белгилеп кетсек, калаа аймагындагы мекеме, ишкана, банк, соода борборлору жана базарларда антисептиктер орнотулуп, андагы адамдар беткапчан болушу шарт.

Кыргызстандан мал экспорттоого 8-июлдан тартып  уруксат берилет

Кыргызстандан мал экспорттоого 8-июлдан тартып  уруксат берилет. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу билдирди. Анын айтымында, муну менен кошо буудай, арпа жана башка продукцияларды экспорттоого тыюу салган токтомдун мөөнөтү жыл аягына чейин узартылат. Эске салсак, буга чейин… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында 10 көп кабаттуу үй борборлоштурулган жылытуу системасына өткөрүлөт

Жалал-Абад шаарында 10 көп кабаттуу үй борборлоштурулган жылытуу системасына өткөрүлөт. Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, учурда үйлөрдүн жер төлөөсүндө кызматкерлер иштеп жатат. Жумуштар 6 турак жайда аткарылып, жылуулук системасына толук кошулду. Кошумчаласак, Жалал-Абад шаары боюнча 55 көп кабаттуу үй борборлоштурулган жылытуу системасына кошулган.