Крымдын Керчь шаарында нөшөрлөп жаан жаап, сел жүрдү

Крымдын Керчь шаарында нөшөрлөп жаан жаап, сел жүрдү. РИА Новости билдиргендей, суунун деңгээли 40-80 сантиметрдин тегерегинде сакталып турат. Жааган жаандын көлөмү эки айдын нормасына барабар. Аймактагы Мелек-Чесме дарыясынын суусу көтөрүлүп, шаардык оорукананын имаратынын алдыңкы кабатын каптады. Сел жүргөн жерден дээрлик 1,5 миң адам көчүрүлдү. Учурда… Кененирээк…

Ош шаарында 1-июлдан тартып тойканаларда иш-чара өткөрүүгө тыюу салынды

Ош шаарында эпидемиологиялык кырдаал начарлаганына байланыштуу 1-июлдан тартып тойканаларда иш-чара өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, ресторан ээлери менен кийинки айга буюрутма албоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Эске салсак, Ош шаары COVID боюнча “кызыл зонада”. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө… Кененирээк…

Бишкектин туристтик милициясына 10 электробайк тапшырылды

Бишкектин туристтик милициясына 10 электробайк тапшырылды. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, экотранспорт милиция кызматкерлерине чукул кырдаалга ыкчам чара көрүүгө жана коомдук тартипти сактоого шарт түзөт. Траспорт демөөрчүлөрдүн эсебинен алынды. Тапшыруу аземи Ала-Тоо аянтындагы жаңы милиция бөлүмүнүн ачылышында өттү

Бишкекте мобилдик топтор күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Бишкекте коомдук унаалардагы санитардык нормалардын сакталышын текшерүү боюнча мобилдик топтор күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Анын курамында мэриянын, кайгуул милициянын, транспорттук инспекциянын кызматкерлери жана эпидемиологдор бар. Айдоочуларга жана жүргүнчүлөрдү текшерүү жаан аларга түшүндүрүү иштери адамдар жык толгон аялдамаларда жүргүзүлөт. Пандемия шартындагы эреже бузууларга алгач түшүндүрүү иштери… Кененирээк…

Москва бийлиги июль айында мигранттарды коронавируска каршы эмдөө ниетинде

Москва бийлиги июль айында мигранттарды коронавируска каршы эмдөө ниетинде. Калаа мэри Сергей Собянин жарыялагандай, вакцинацияга «Спутник Лайт» препараты колдонулушу ыктымал. Учурда препарат даярдалууда. Бул «Спутник Внин» биринчи классикалык компоненти. Кошумчаласак, Россияда декабрдагы маалымат боюнча, өлкөдө 6 миллиондон ашык мигрант жашайт.

Чүй облусунун Озерная айылындагы жаңы мектеп сентябрга пайдаланууга берилет

Чүй облусунун Озерная айылындагы жаңы мектеп сентябрга пайдаланууга берилет. 375 окуучуга чакталган объектинин даярдыгы 85 пайызды түзөт, — дешти архитектура жана курулуш агенттигинен. Учурда имараттын ички, тышкы жасалгалоо жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Жаңы мектепте бардык шарттар каралды. Долбоордун сметалык баасы 1,5 миллион долларды… Кененирээк…

Эми Кыргызстандан Иранга түз учууга болот

Эми Кыргызстандан Иранга түз учууга болот. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти. Карантиндик узак тыныгуудан кийин Мешхед – Бишкек – Мешхед каттамы ишке кирди. Аталган багыт боюнча аба жолдору 1 айда 1 ирет уюшутурулат. Учуу убактысы 2,5 саатты түзөт.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайра өтө турган шайлоого карата 326 шайлоо тилкеси ачылат

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайра өтө турган шайлоого карата 326 шайлоо тилкеси ачылат. БШКнын маалымат кызматынан билдиришти. Ал эми добуш берүүчүлөрдүн саны 610 миң 160 адамды түздү. Жарандар өздөрүн тизмеден текшерип, кандайдыр бир маселе жаралса 2-июлга чейин өзгөртүүлөрдү киргизе алышат. Эске салсак, Бишкек,… Кененирээк…

Кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлерине компенсация төлөө үчүн 600 миллион сом бөлүндү

Кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлерине компенсация төлөө үчүн 600 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди. Анын айтымында, кызматкерлерге бардык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлөт. Тиешелүү сумма республикалык бюджеттен бөлүндү. Кошумчаласак, иш учурунда вируска чалдыккандарга 200 миң… Кененирээк…

Талас шаарында «Унаа» ишканасынын бөлүмү ачылды

Талас шаарында «Унаа» ишканасынын бөлүмү ачылды. Жарандарга траспорт боюнча кызматтарды 5 кызматкер көрсөтөт. Бөлүм күнүнө 100дөн ашык адамды тейлей алат. Белгилеп кетсек, буга чейин транспорт боюнча кызматтар Мамлекеттик каттоо мекемесинен көрсөтүлүп келген. Ал эми жаңы бөлүм буга чейинки эски имараттын базасында пайда болду. Оңдоо иштерине… Кененирээк…