Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Патрис Лумумба, Актөбө, Кулатов, Панфилов, Харьков, Березова жана Коммунаров көчөлөрүндө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Жалпы республикалык тестирлөөдө алтын сертификаттарга ээ болгон бүтүрүүчүлөр каалаган жогорку окуу жайда акысыз окуй алат

Жалпы республикалык тестирлөөдө алтын сертификаттарга ээ болгон бүтүрүүчүлөр каалаган жогорку окуу жайда акысыз окуй алат.   Бизге Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, абитуриенттердин тандоосуна арзыган университеттер аларды сынагы жок эле кабыл алат.   Эске салсак, өлкөдө жогорку көрсөткүчтү 58 бүтүрүүчү алды.   Эң мыкты жыйынтык Караколдун… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду түзүлөт

Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду түзүлөт. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун жактырды.   Фонд Кыргызстандын аймагында катталган ишкерлерге каржылык колдоо көрсөтүү багытында долбоорлорду ишке ашырат.   Анын уставдык капиталы алгач  50 миллион… Кененирээк…

Казакстан Кыргызстанга коронавируска каршы QazVac вакцинасын бөлүп берди

Казакстан Кыргызстанга коронавируска каршы QazVac вакцинасын бөлүп берди.   Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Анын айтымында, гуманитардык жардам иретинде ушул жуманын аягына чейин өлкөгө вакцинанын 50 миң дозасы жеткирилет. Препарат россиялык “Спутник V” вакцинасынын негизинде жасалган. Аны менен ар… Кененирээк…

Бишкекте ЖРТ боюнча алтын сертификатка 27 бүтүрүүчү ээ болду

Бишкекте ЖРТ боюнча алтын сертификатка 27 бүтүрүүчү ээ болду. Мэриянын маалыматына ылайык, эң мыкты көрсөткүч – 231 упай №26 мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Алия Сарыгуловада.   Экинчи орунда №13 мектеп-гимназиянын окуучусу Медер Рахатбеков. Анда 230 упай. Үчүнчүдө 228 балл менен Адил Ахметов турат, ал №61 физико-математикалык мектепти… Кененирээк…

Кыргызстан жыл башынан бери бензинзин баасы боюнча дүйнөлүк рейингде  13 позицияга төмөндөдү

Кыргызстан жыл башынан бери бензинзин баасы боюнча дүйнөлүк рейингде    13 позицияга төмөндөдү. Petrol Prices маалымдагандай, буга чейин биздин өлкө  11-орунда турса, эми 24-сапта.   Рейингге ылайык, дүйнөдө эң арзан бензин Венесуэлада – литри болгону 1 сом 70 тыйын, ал эми эң кымбат Гонконг шаарында… Кененирээк…

Ошто чектөөлөр киргизилүүдө

Ошто чектөөлөр киргизилүүдө.   Мэриянын маалыматына ылайык, бардык жабык мекемелерде 30дан ашык адам болбошу керек. Бирок бул чара сырттагы чогулуштарга тиешелүү эмес.   Андан тышкары, коомдук транспорт жарымына гана толтурулуп, коомдук тамактануу жайларында санитардык талаптар күчөтүлөт. Мэриядан белгилегкенлей, бардык чечимдер эпидемиологиялык абалга жараша кабыл алынууда.

Түркия баткендиктерге жеңил конструкциялардагы үйлөрдү тапшырат

Түркия баткендиктерге жеңил конструкциялардагы үйлөрдү тапшырат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаевдин айтымында, үйлөр жылуулатылган, аларда жайында дагы, кышында дагы жашаса болот.   Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 220 объект жабыркады, анын 138и турак-жайлар.   Кайра калыбына келтирүү иштеринин алкагында бардык… Кененирээк…

Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер сынак тапшырып жатат

Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер сынак тапшырып жатат   Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабарлады. Ага ылайык, Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө 61 талапкер катталган. Алар дүйшөмбүдө исламдын негиздери болгон тафсир, хадис, усуль аль-фикх, акыйда сыяктуу китептерден сынак тапшырды. Андан өткөндөр бүгүн, 22-июнда баарлашууга кирет.… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус жугузган балдар көбөйүүдө

Ушул тапта ооруканаларда коронавирус илдетин жугузуп алган 22 бала дарыланып жатат. Алардын эң кичүүсү алты айлык наристе. Улуусу 16 жашта. Бул тууралуу «Азаттыкка» республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев билдирди.   “Май-апрель айларында балдар арасында илдет жуккандар дээрлик жок болчу. Бирин-серин гана келип… Кененирээк…