Россияда кош бойлуу энелер дагы вакцина алат

Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 илдетинин оор өтүү тобокелдиги жогору болгон боюнда бар аялдарга «Спутник V» вакцинасын саюуга уруксат берди. Бул тууралуу министрликтин башчысы Михаил Мурашко билдирди. Бир жума мурун Россияда боюнда бар аялдардын арасында дагы коронавирус илдетин жугузуп алгандар кескин көбөйүп, расмий статистика боюнча 10 миңден… Кененирээк…

Ош шаарында эки көчөдө оңдоо иштери жүрүп жатат

Ош шаарында эки көчөдө оңдоо иштери жүрүп жатат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, кеп, Южный кичирайонундагы Садыков жана Мамадалиев көчөлөрү тууралуу болуп жатат. Жалпысынан 650 метр тилкеге асфальт төшөлөт. Иштерге 15 атайын оор техника жана кызматкерлердин 3 бригадасы тартылды. Курулуш иштерине каражат шаардык бюджеттен бөлүнүп берилет

Караколдо коомдук унаалардын 75 пайызына видеокаттоолор орнотулду

Караколдо коомдук унаалардын 75 пайызына видеокаттоолор орнотулду. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, мындай жабдууларды орнотуу уурулуктун алдын алууга, айдоочу жана жүргүнчү ортосунда чыккан чыр-чатакты териштирүүгө шарт түзөт. Андан тышкары, айдоочулар жол эрежелерин бузуудан оолак болууну шарттап, авриялык учурларды тактоого жардам берет. Кошумчаласак, Каракол шаарында… Кененирээк…

Лейлек районунун Жаңы-Жер, Максат жана Кулунду айыл өкмөттөрүн бириктирген жолдун курулушу аяктоо алдында турат

Лейлек районунун Жаңы-Жер, Максат жана Кулунду айыл өкмөттөрүн бириктирген жолдун курулушу аяктоо алдында турат. Райондук администрациядан билдиришкендей, оңдоло турчу жолдун узундугу 10 чакырымды, туурасы 6 метрди түзөт. Учурда иштер 8 чакырымында аткарылды. Андан тышкары, калган тажик тарап менен талаш болгон 2 чакырым тилке боюнча сүйлөшүүлөр… Кененирээк…

Кыргызстанда жарандардын антителосу бар-жогун аныктоо акысыз жүргүзүлө баштады

Кыргызстанда жарандардын антителосу бар-жогун аныктоо акысыз жүргүзүлө баштады. Ага катталуу электрондук түрдө гана мүмкүн, — дешти «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинен. Муну менен адистер элдин коронавируска болгон иммунитетин баалоону көздөп жатат. Эске салсак, буга чейин калктын COVID-19га иммунитетин текшерүүнүн үчүнчү этабын жүргүзүү пландалып жаткан. Экинчи этапта… Кененирээк…

Кыргызстанда россиялык дагы бир вакцина каттоого алынды

Кыргызстанда россиялык дагы бир вакцина каттоого алынды. Дары-дармек жана медициналык жабдуу департаментинин маалыматына ылайык, «Спутник Лайт» вакцинасы бир компоненттүү. Анын натыйжалуулугу эмдөөнүн 28 күнүнөн тартып 79 пайызга чейин жетет. Препараттын 80 пайызынын таасири эки компоненттүү вакциналардан күчтүүлүк кылат. Белгилеп кетсек, Кыргызстан Россия өндүргөн «Спутник V»… Кененирээк…