Бишкектеги Васильев көчөсү июлдун ортосуна чейин ачылат

Бишкектеги Васильев көчөсү июлдун ортосуна чейин ачылат. Кеп, тилкенин Манастан Түлөбердиевге чейинки бөлүгү тууралуу болуп жатат. Көчөнүн эски асфальт катмары алынып жаңысы төшөлдү. Жалпысынан калыбына келтириле турган жолдун узундугу 630 метрди түзөт. Курулуш иштеринин сметалык баасы дээрлик 6 миллион сомду түзөт.

Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, эртең, 29-июнь күнү оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу, саат 10:00дөн 17:30гө чейин Пушкин №59,61,86,27,29,31,3,12, Бакиев, Кошева, Мельничный, Горький, Пролетарская, Некрасов, Коммунальная тар көчөсү, Коммунальная, Б.Сейил көчөлөрүндө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт… Кененирээк…

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасына башкы директор болуп Азамат Сакиев дайындалды

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасына башкы директор болуп Азамат Сакиев дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы кабарлады. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. Анын талапкерлигин өкмөткө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду сунуштаган. Ишкананын мурдагы башкы директору Василий Дашков коррупцияга айыпталып учурда УКМКнын… Кененирээк…

Июндун аягы жана июлдун алгакы күндөрүндө Бишкекте кургак жана ысык күндөр сакталат

Июндун аягы жана июлдун алгакы күндөрүндө Бишкекте кургак жана ысык күндөр сакталат. Синоптиктердин маалыматына караганда, күн сайын абанын табы бир градуска жогорулайт. Ушул жуманын аягында түнкүсүн +24 болсо, күндүз +36…38ге чейин жетет. Ал эми кийинки жумадан тартып Чүй облусуна чыныгы ортоазиялык жай келоет. 40 градуска… Кененирээк…

Женифер Лопез жана Бен Аффлек жыл аягына чейин никеге туруу ниетинде

Америкалык ырчы Женифер Лопез жана голливуддук актер Бен Аффлек жыл аягына чейин никеге туруу ниетинде. ММКлар жарыялашкандай, Аффлек Лопезди экинчи ирет кайра жоготуп алгасы келбегендиктен тезирээк баш кошууну каалайт. Голливуддук жыдыздар бири-биринин жакшы жана жаман сапаттарын билишет. Андыктан мамиле жаңыдан башталбайт. Күтүлгөндөй, Аффлек Лопездин колун… Кененирээк…

“Спартак” стадиону чуркоочулар үчүн убактылуу жабылды

“Спартак” стадиону чуркоочулар үчүн убактылуу жабылды. Спорттук объектинин администрациясынан билдиришкендей, аталган аймакка кирүүгө чектөөлөр 2-июлга чейин күчүндө болот. Мындай чаралар стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатынын беттештери өткөнүнө байланыштуу. Белгилеп кетсек, оюндарга көрүүчүлөр киргизилбейт.

Билим берүү министрлиги Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн босого баллды бекитти

Билим берүү министрлиги Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн босого баллды бекитти. Ведомство маалыматына ылайык, бюджетте окугусу келгендер ЖРТдан 110 баллдан жогору алышы керек. Ал эми келишимдик негизде билим ала тургандардын баллы 105 болсо, предметтик тестирлөө 60 баллдан жогору болушу шарт. Эске салсак, быйыл жалпы… Кененирээк…

Кыргызстандыктар эми коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн тастыктаган сертификатты үйдөн эле алса болот

Кыргызстандыктар эми коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн тастыктаган сертификатты үйдөн эле алса болот. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн portal.tunduk.kg сайтынан каттоодон өтүү зарыл. Документ автоматтык түрдө экранда пайда болот, колдонуучу аны pdf форматта документ катары басып чыгарып алышы керек. Сертификатта көрсөтүлгөн QR-код аркылуу анын электрондук… Кененирээк…

Кыргызстанда «Спутник V» вакцинасынын биринчи компонентинин 20 миң жана экинчи компонентинин 40 миң дозасы бар

Кыргызстанда «Спутник V» вакцинасынын биринчи компонентинин 20 миң жана экинчи компонентинин 40 миң дозасы бар. Бул тууралуу “Кабарга” республикалык имуннопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, экинчи компоненттин дозасы көп болгонунун себеби, вакцинаны кайталап саюу азырынча баштала элек. Ошондой эле россиялык препараттын кийинки партиялары… Кененирээк…

Ташкенттеги ири базарлар менен супермаркеттерде коронавируска каршы эмдөө жайлары ачылды

Ташкенттеги ири базарлар менен супермаркеттерде, ошондой эле айрым мектептерде коронавируска каршы эмдөө жайлары ачылды. Ташкенттин райондорунда 27-июндан тартып иштей баштаган эмдөө жайларынын тизмесин “Расмий кабарлар” аттуу телеграм-каналы жарыялады. Өткөн аптанын соңунда Атайын республикалык комиссия 18 жаштан жогору бардык жарандарды мамлекеттик бюджеттин эсебинен бекер эмдөө тууралуу… Кененирээк…