Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Самидин кары Атабаев дайындалды

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Самидин кары Атабаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Замир кары Ракиев кол койгондугун, муфтияттын басма сөз кызматы кабарлайт. Азирети муфтий Бишкек шаардык казыятынын эмгек жамааты менен жолугуп, казыяттын ишмердүүлүгү жоопкерчиликтүү экендигин баса белгилеп, жаңы дайындалган Бишкек шаарынын мусулмандар… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы сугат суу маселеси чечилди

Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы сугат суу маселеси чечилди. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, буга чейин үч жылдан бери Кемпир-Абад суусунан Кара-Дарыя каналы аркылуу суу берүү токтоп турган. Эки өлкө өкүлдөрү ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, бүгүн суу берүү башталды. Учурда Кара-Дарыя… Кененирээк…

АКШда адамдагы коронавирусту аныктай турган беткап чыгарылды

АКШда адамдагы коронавирусту аныктай турган беткап чыгарылды. Иштин баары атайын орнотулган датчикте. Аны башкаларга дагы тигип алса болот, алсак, лабораториялык халатка жана башка кийимдерге. Датчик болжолдуу түрдө беткапты 1,5 саат тагынгандан кийин жыйынтык чыгарат. Белгилеп кетчү жагдай, мындай жабдуулар мындан бир канча жыл мурда эле… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жаңы мектеп пайда болот

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жаңы мектеп пайда болот. Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Объектинин пайдубалына капсула салуу аземи Ала-Баш айылында өттү. Билим берүү мекемеси 225 окуучуга чакталат. Кулушу иштерине 65 миллион сом багытталат. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнүп берилет.

1-июлдан тартып ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон бир катар товарларга кошумча нарк салыгы алынбайт

1-июлдан тартып ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон бир катар товарларга кошумча нарк салыгы алынбайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, жеңилдиктер 31-августка чейин күчүндө болот жана алар кумшекер, өсүмдүк майына, мал жандыктарына тиешелүү. Белгилеп кетсек, мындай чаралар азык-түлүккө болгон рыноктук бааларды турукташтыруу жана чарбалык субъектилерге… Кененирээк…

Таиланд 1-июлдан тартып Пхукетке туристтерди кабыл алуу ниетинде

Таиланд 1-июлдан тартып Пхукетке туристтерди кабыл алуу ниетинде. Өлкөнүн туристтик башкармалыгы билдиргендей, курортторго эмдөөдөн өткөн туристтер гана киргизилет. Андан тышкары, туристтер ПЦР тестин жана суммасы 100 миң доллардан башталган медициналык камсыздандырууну көрсөтүшү керек. Пхукетте туристтер аралдын айланасында ээн-эркин жүрө алышат жана туристтик жайларга барса болот. Күтүлгөндөй, Пхукеттен… Кененирээк…

Шаар аралык №70 жана 71 номурдагы каттамдар үчүн 10 сомдук төлөм алынат

Шаар аралык №70 жана 71 номурдагы каттамдар үчүн 10 сомдук төлөм алынат. Мэриянын маалыматына ылайык, бул автобустар Аламедин районунун аймагында жүрөт. Ал эми ордо калаага кое берилген жаңы транспорт тууралуу айта турган болсок, ал жарандарды акысыз жеткирүүнү улантууда. Мындай акция 1-июлга чейин созулат. Эске салсак,… Кененирээк…

Россияда Кыргызстандын дагы эки башкы консулдугу пайда болот

Россияда Кыргызстандын дагы эки башкы консулдугу пайда болот. Мындай маалыматты тышкы иштер министрлигинен тастыкташты. Учурда аталган мекемелерди Санкт-Петербург жана Казанда ачуу маселеси каралууда. Эске салсак, бүгүнкү күндө биздин өлкөнүн эки башкы консулдугу бар. Алар Екатеринбург жана Новосибирскиде жайгашкан.

Кыргызстандын 22 айылы интернетке кошулуу мүмкүнчүлүгү жок

Кыргызстандын 22 айылы интернетке кошулуу мүмкүнчүлүгү жок. Мындай аймактар Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында жайгашкан. Интернеттин жеткиликтүү эмес болгонуна айылдар электр энергиясына жана тиешелүү инфраструктурага туташпаганына байланыштуу. Байланыш агенттигинин маалыматы боюнча, былтыр жыл аягында 2 миң 94 калктуу конуш 2G байланыш кызматы менен камтылды, муну… Кененирээк…

Кыргызстанда бардык медицина кызматкерлери 1 айдын аралыгында милдеттүү түрдө ковидге каршы вакцина алышы керек

Кыргызстанда бардык медицина кызматкерлери 1 айдын аралыгында милдеттүү түрдө ковидге каршы вакцина алышы керек. Тиешелүү буйрукка саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кол койду. Документке ылайык, уюштуруу иштери  менен Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана Республикалык иммунопрофилактика борбору алектенет. Ошондой эле эмдөөдөн өткөндөргө… Кененирээк…