Бүгүн, Олимпиада оюндарынын 8-күнүндө 21 топтом медаль ойнотулат

Бүгүн, Олимпиада оюндарынын 8-күнүндө 21 топтом медаль ойнотулат. Кыргызстандык спортчу Бакдөөлөт Рыскулбеков оор атлетика боюнча 96 килограмм салмакка чейинкилер арасында күч сынайт. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча 5ке 10 мүнөт калганда башталат. Белгилеп кетсек, Токиодогу оюндарга Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган, учурда биздин олкөдө бир дагы… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында сел жүрдү

Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кечээ катуу жааган жамгырдан улам Тоң районунун Оттук айылын сел каптады. Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган аймактагы 65тен ашык турак жай короолору зыянга учурады. Селдин кесепетинен үйлөрдү суу каптап, ички жолдор жана… Кененирээк…

Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 226 миң дозасы жеткирилди

Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 226 миң дозасы жеткирилди. Бул COVAX программасынын алкагында алып келинген биринчи партия. Препарат 113 миң адамга жетет, — деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова. Анын айтымында, Кыргызстанда бул препаратты 1 миң 200 адам алды. Буга чейин Азербайжан биздин өлкөгө аталган… Кененирээк…

Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуунун акыркы туру бүгүн аяктайт

Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуунун акыркы туру бүгүн аяктайт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, абитуриенттер 31-июлга чейин каалаган окуу жайына талонун таштай алышат. Ушуну менен кабыл алуу аяктайт. Эске салсак, кабыл алуу “Абитуриент онлайн” сайты аркылуу жүргүзүлөт

Кыргызстандыктар вакцинанын 4 түрүн тандаса болот

Кыргызстандыктар вакцинанын 4 түрүн тандаса болот. Тагыраагы, эмдөө түйүндөрүндө Спутник-V, Синофарм, Астразенека жана QazVak препараттары жеткиликтүү, — дешти республикалык штабдан. Андан белгилешкендей, жарандардын вакцинага болгон суроо-талабы өсүүдө. Андан улам, өлкө боюнча эмдөө өнөктүгү олуттуу өтүп жатат.

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери уланууда

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, Гоголь – Чүй жана Ахунбаев — Тагай-Бий көчөлөр кесилишиндеги мыйзамсыз орнотулган 3 контейнер алынды. Андан тышкары, Садыр-Аке, Раззаков, Абдрахманов, Садырбаев, Күйүков, Курчатов жана Москва көчөлөрүндөгү вагон, киоск, жарнама тактасы, темир гараж жана тосмолор демонтаждалды.

Кыргызстанда буудайдын баасы 40 пайызга жогорулады

Кыргызстанда буудайдын баасы 40 пайызга жогорулады. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, учурда буудайдын баасы республика боюнча орточо эсеп менен 29 сомдон сатылууда. Бул былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 8 сом 20 тыйынга кымбаттады. Ошол эле учурда, эң кымбат буудай Бишкекте килограммы 31 сом 46 тыйын,… Кененирээк…

Кыргызстандын Олимпиадага катыша турган балбандар Токиодо машыгуусун улантууда

Кыргызстандын Олимпиадага катыша турган балбандар Токиодо машыгуусун улантууда. Күрөш федерациясынан билдиришкендей, спортчулар 1-августтан тартып килемге чыгат. Грек-рим күрөшүнөн лицензияны ар салмактагы категорияда Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Атабек Азисбеков жана Үзүр Жусупбеков алган. Балбандарды башкы машыктыруучулары коштоп барган.

«Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү түйүнүндө кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү түйүнүндө кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды. Учурда 120га жакын жүк ташуучу унаа кезек күтүп турат, — деп билдиришти УКМКнын Чек ара кызматынан. Мындай тыгын жүк ташуу агымы көбөйгөндүктөн жаралды. Бирок бул кайталанып турган эле көрүнүш. Кыргыз-казак чек арасынын… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш Экономикага 6 айлык өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеш Экономикага 6 айлык өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Мыйзам министрлер кабинетине бюджеттин кирешелери менен чыгашаларынын 20 пайызын Жогорку Кеңеш менен макулдашпастан башкарууга, салык ставкаларын, мамлекеттик сатып алуулардын шарттарын жана башкаларды өзгөртүүгө мүмкүндүк берет. Буга чейин президенттин алдындагы коррупцияга каршы иш… Кененирээк…