Ысык-Көл облусундагы туристтик милиция жаңы формага ээ болду

Ысык-Көл облусундагы туристтик милиция жаңы формага ээ болду. Аймактын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, кийимди иштеп чыгууда анын сырткы көрүнүшүнө маани берилди.   Андан тышкары, дизайны, ыңгайлуулугу дагы эске алынды. Эске салсак, Ысык-Көлдө туристтик милиция ушул жылдын май айында түзүлдү. Учурда түзүмдө 20 кызматкер эмгектенип жатат.

Баткен облусунда чек ара жаңжалында каза тапкандардын  үй-бүлөлөрүнө кенемте берилди

Баткен облусунда чек ара жаңжалында каза тапкандардын  үй-бүлөлөрүнө кенемте берилди.   Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Айбек Жунушалиевдин айтымында, 27 үй-бүлөгө 1 миллион сомдон тапшырылды.   Андан тышкары, 60 жабыркаган жаранга 50 миңден 100 миң сомго чейин берилди. Сумма алган жараатынан көз каранды. Жунушалиев белгилегендей,… Кененирээк…

Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тарифтерди 1-сентябрдан тарта киргизүү пландалууда

Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тарифтерди 1-сентябрдан тарта киргизүү пландалууда.   Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин жетекчиснин орун басары Миргүл Айдарова билдирди.   Анын айтымында, 15-июлда долбоорду талкуулоо жыйынтыкталат.   Андан кийин бардык министрлик жана ведомстволор тарабынан макулдашуу процессине 1 ай талап кылынат.… Кененирээк…

Баткен облусунда чек ара жаңжалында жабыркагандарга 200гө жакын үй курулуп жатат

Баткен облусунда чек ара жаңжалында жабыркагандарга 200гө жакын үй курулуп жатат.   Анын 140 жеңил конструкциядан болсо, 36 турак-жай кирпичтен салынууда. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Айбек Жунушалиевдин айтымында, курулуп жаткан үйлөр бардык талаптарга жооп берет.   Чиновник белгилегендей, социалдык объектилерди курууга республикалык бюджеттен каражат… Кененирээк…

Өзбекстанда массалык иш чараларга чектөө киргизилди

Өзбекстанда массалык иш чараларга чектөө киргизүү тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссиянын чечими чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.   Бул жерде майрамдык, спорттук мелдештер, концерттер жана фестивалдар тууралуу сөз болууда. Бирок спорттук иш чараларды көрүүчүлөр жок өткөрүүгө уруксат берилди.… Кененирээк…

Кыргызстанда күзгү-кышкы сезондо электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү болбойт

Кыргызстанда күзгү-кышкы сезондо электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү болбойт. Буга Энергетика министрлигинин бөлүм башчысы Марат Жээнбеков ишендирүүдө.   Анын айтымында, ГЭС жана ЖЭБ толук кубаттуулукта иштеп, электр энергиясынын жетишсиздиги болбойт. Бирок ал үчүн жарандар энергияны үнөмдүү колдонушу керек, — деди Жээнбеков.

Токио Олимпиадасынын ачылыш аземине VIP-коноктор гана киргизилиши мүмкүн

Япония өкмөтү Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине бийик даражалуу өкүлдөрдү, чет мамлекеттен келген конокторду, ошондой эле мелдештин демөөрчүлөрүн жана дипломаттарды гана киргизүү маселесин талкуулап жатат. Бул тууралуу Asahi Shimbun Digital басылмасына таянып «Известия» жазды. VIP-коноктордун саны мурда айтылган 10 миңден кыйла аз болору айтылууда.   Мындан… Кененирээк…

Баткенде көчмө клиникалар иштеп баштады

Баткенде көчмө клиникалар иштеп баштады.   Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Клиникалар чек арада жабыркаган, шарты оор айылдардын жашоочуларын медициналык кароодон өткөрүп жатат.   Алар акысыз текшерилип, дарыланышат. Мобилдүү клиника аркылуу Баткен облусунун жашоочулары жеринде гинекологиялык, стоматологиялык, хирургиялык, терапиялык жардам алып, ошондой эле УЗИ… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү.   Бишкек жана Чүйдө    1 сааттын аралыгында катуу шамал болушу күтүлөт.   Анын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Жарандарга этият болуп, курулуштардын, бак-дарактардын, жеңил конструкциялардын алдынан өтпөө сунушталат. Унааларды дагы ачык жерге токтотуу керек.

Кыргызстанда дагы 763 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 763 адам коронавирустан айыкты.   Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 410, Ошто 138, Чүйдө 94, Таласта 8, нарында 9, Ысык-Көлдө 16, Жалал-Абадда 63, Баткенде 25 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө 113 миң 975 адам коронавирустан айыкты.