Федерико Кьеза Евро-2020 чемпионатынын жарым финалдык беттешинин мыкты оюнчусу аталды

Италия курамасынын футболчусу Федерико Кьеза Евро-2020 чемпионатынын жарым финалдык беттешинин мыкты оюнчусу аталды.   Ал Испания менен жолугушууда кооз гол менен өзгөчөлөнө алды. Кьеза Лондондо өткөн беттештин    60-мүнөтүндө гол киргизип, эсепти ачкан. Белгилеп кетсек, Италия курамасы Европа чемпионатынын финалына чыкты.   Анын атаандашы бүгүнкү… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жаңы мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жаңы мектеп курулууда.   Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси 275 орунга эсептелип, Дархан айылында пайда болот.   Учурда куруучулар анын ички жасалгалоо иштерин аткарып, жылуулук, суу, канализация тармактарын өткөрүүдө. Долбоордун сметалык баасы 850 миң долларды… Кененирээк…

Кыргызстанда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жогорку окуу жайларга кабыл алуу үчүн босого упай төмөндөтүлдү

Кыргызстанда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жогорку окуу жайларга кабыл алуу үчүн босого упай төмөндөтүлдү. Билим берүү министрлигинин маалыматында, кеп майыптыктын 1-жана 2-тобундагы жарандар тууралуу болуп жатат.   Алсак, гранттык орундарга талапкерлер негизги тестирлөөдө 100 балл алышы керек, ал эми контракттык негизде окууга өтүү үчүн аларга… Кененирээк…

Баткенге колдоо иретинде кыргызстандыктар тарабынан чогулган каражат сарптала элек

Баткенге колдоо иретинде кыргызстандыктар тарабынан чогулган каражат сарптала элек.   Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, акча жабыркаган районду калыбына келтирүүгө жумшалат.   Жалпысынан Баткен облусунун атайын эсебине 116 миллион сом, ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 2,5 миллион… Кененирээк…

Дүйнөнүн эң бай адамы андан дагы байыды

Дүйнөнүн эң бай адамы андан дагы байыды. Соода фонддорунун жыйынтыгы менен Амазон компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безостун байлыгы дагы 8 миллиард долларга өстү.   Учурда Безос 221 миллиард долларга ээлик кылат, — деп маалымдайт Bloomberg. Бул сумма рекорддук болуп эсептелет жана мындай чоң сумма рейтингде биринчи… Кененирээк…

Кыргызстанда калкты каттоо ушул жылдын экинчи жарымында өтөт

Кыргызстанда калкты каттоо ушул жылдын экинчи жарымында өтөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Ведомстводон такташкандай, азырынча процедуранын так күндөрү белгилене элек.   Эске салсак, Кыргызстанда калкты жана турак-жай фондун каттоо өткөн жылдын март айында өтмөк, бирок пандемиядан улам, жылдырылган болчу.

Эмдөөдөн өткөн кыргызстандыктарга жеке QR-код менен сертификаттар ыйгарылат

Эмдөөдөн өткөн кыргызстандыктарга жеке QR-код менен сертификаттар ыйгарылат.   Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, технология ири уюлдук байланыш операторлору менен биргеликте ишке ашат.   Эки тарап уюлдук тиркеме аркылуу сертификат бере турган сервис иштеп чыгууну макулдашты. Бул жаатта кененирээк маалымат жакынкы арада берилет, — дешти… Кененирээк…

Facebook колдонуучуларынын сыр сөздөрүн уурдаган кооптуу тиркемелер өчүрүлдү

Google Play дүкөнүнүн коопсуздук боюнча адистери Facebook социалдык тармагынын колдонуучуларынын сыр сөздөрүн уурдаган тогуз тиркемени табышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.   Маалыматка ылайык, изилдөөнүн жыйынтыгында PIP Photo, Processing Photo, Rubbish Cleaner, Inwell Fitness, Horoscope Daily, App Lock Keep, Lockit Master, Horoscope… Кененирээк…

1-сентябрга чейин жарандар транспортко, ал эми 2-сентябрга чейин кыймылсыз мүлккө салыктарды төлөшү керек

1-сентябрга чейин жарандар транспортко, ал эми 2-сентябрга чейин кыймылсыз мүлккө салыктарды төлөшү керек. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет.   Жарандар төлөмдү каалаган банк кассаларында, почта бөлүмдөрүндө жана терминалдар, интернет банкинг жана башка жолдор менен жүргүзүшү керек. Өз убагында салык төлөнбөсө, жарандарга айып салынат, —… Кененирээк…

Унаасын саткандан кийин дагы “Коопсуз шаар” долбоору боюнча айыптарды алып жүргөн жарандарга жардам берүү жолу табылды

Унаасын саткандан кийин дагы “Коопсуз шаар” долбоору боюнча айыптарды алып жүргөн жарандарга жардам берүү жолу табылды.   Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, кыргызстандыктар мындай учурларда “Унаа” ишканасына машинени каттоону убактылуу токтотуу тууралуу арыз жазышы керек. Маалымкаттын жарактуу мөөнөтү – 3 жыл.   Эгер бул убакыт… Кененирээк…