Этникалык кыргыздарга жарандык берүү тартиби жеңилдеди

Президент Садыр Жапаров этникалык кыргыздарга жана жарандыгы жок кыргыз тектүү адамдарга жарандык берүүнүн убактылуу жөнөкөйлөштүрүлгөн жобосу тууралуу буйрукка кол койду.   Ага ылайык, документ топтоп, толтурууда түйшүк жана талап азаят. Буга байланыштуу мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмалар берилди. Президентинин администрациясынын жарандык… Кененирээк…

БШК Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шайлоочулардын акыркы тизмесин жарыялады

БШК Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шайлоочулардын акыркы тизмесин жарыялады. Маалыматка ылайык, жалпысынан үч шаардын 617 миң 517 тургуну  шайлоо укугуна ээ болгон.   Анын ичинен Бишкекте 426 миң 699, Ошто 152 миң 718, Токмокто 38 миң 100 шайлоочу катталды. Ушул жекшемби, 11-июлда Бишкек, Ош… Кененирээк…

БШК Кербен шаардык кеңешин таркатып, мөөнөткө чейинки шайлоо дайындоо боюнча сунушту президентке жөнөтүү ниетинде

БШК Кербен шаардык кеңешин таркатып, мөөнөткө чейинки шайлоо дайындоо боюнча сунушту президентке жөнөтүү ниетинде. Буга жергиликтүү депутаттар тиешелүү мөөнөт аралыгында 3 ирет шаар мэрин шайлай албай жатканы себеп.   7-июнда жана 5-июлда добуш берүү кворумдун жоктугунан улам болбой калса, 21-июнда талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан.… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 10-июлдан тарта ресторандардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынат

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 10-июлдан тарта ресторандардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынат. Райондук администрациянын маалыматына ылайык, мындай чечимди ыкчам штаб кабыл алды.   Чектөө ошондой эле ашканаларга дагы тиешелүү. Учурда эл көп чогулган жерлерде дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат.

Үч шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо участкадан тышкары добуш берүү үчүн 3 миң 992 адамдан арыз түштү

Үч шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо участкадан тышкары добуш берүү үчүн 3 миң 992 адамдан арыз түштү.   Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Мыйзамга ылайык,  алар шайлоодон бир күн мурун, тагыраак айтканда, эртең, 10-июлда добуш берет.   Мындай укук Бишкекте 2 миң 602, Ошто 1 миң… Кененирээк…

Кайра шайлоого карата милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

Кайра шайлоого карата милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.   Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Андан такташкандай, коомдук тартипти сактоо үчүн 3 миң милиция кызматкери тартылды.   Ошондой эле элдик кошуун мүчөлөрү да жардам берет. 1 миңден ашык милиционер шайлоо участкаларына бекитилди. Эске салсак, кара… Кененирээк…

Кайра шайлоого карата добуш берүү жайдан тышкары жерге 4 миңге жакын жаран арыз берди

Кайра шайлоого карата добуш берүү жайдан тышкары жерге 3 миң 992 жаран арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 2 миң 602, Ош аймактык шайлоо комиссиясына 1 миң 168, Токмок аймактык шайлоо комиссиясына 222… Кененирээк…

Түркмөнстанда жарандар милдеттүү түрдө эмделет

Түркмөнстанда жарандар коронавируска каршы милдеттүү түрдө эмделерин мамлекеттик маалымат каражаттары 7-июлда кабарлашты.   Бирок ал билдирүүлөрдө жарандарга кайсы вакцина сайылары так айтылган эмес. Июнь айынын соңунда түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кытайдын «Синофарм» вакцинасынын 1,5 дозасын сатып алуу боюнча жарлык чыгарган.   Январь айында Түркмөнстан орусиялык… Кененирээк…

Ирландиянын 106 жаштагы жашоочусу узак өмүр сүрүү сырлары менен бөлүштү

Ирландиянын 106 жаштагы жашоочусу узак өмүр сүрүү сырлары менен бөлүштү. Байбиченин айтымында, бул үчүн биринчи кезекте “жан дүйнөнүн тынчтыгы керек”. Брижет Тирни 1915-жылы туулган.   Ал спирт ичимдиктерин ичпей, чылым чекпей жана учакка отуруп көргөн эмес. Муну менен катар ар дайым үй шартында даярдалган тамактарды колдонуп,… Кененирээк…

Бишкектин Свердлов районунун көчөлөрү жарыктандырылды

Бишкектин Свердлов районунун көчөлөрү жарыктандырылды.   Муниципалитеттин маалыматына ылайык, адистер Чоң-Коргон, Жумушчу, Гончарная, Боом, Калымская жана 8-март көчөлөрүндө жаңы чыракарды орнотушту.   Андан тышкары №66 мектептин аймагында 400 метр электр зымдары тартылды. Көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча жарандардан арыздарды кабыл алуу уланууда.