Кыргызстанда  сабиз арзандап баштады

Кыргызстанда  сабиз арзандап баштады. Монополдукка каршы күрөшүү мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, өсүмдүктүн жаңы түшүмү жыйнала баштагандыктан, баасы дагы жөнгө салынууда.   Алсак, учурда базарларда сабиздин бир килограммын 50 сомдон сатып алса болот. Эске салсак, жайдын башында сабиздин баасы кескин кымбаттан килограммы 120 сомго чейин жеткен… Кененирээк…

Бишкекте эки убактылуу эмдөө түйүнү эс алуу аймактарында ачылды

Бишкекте эки убактылуу эмдөө түйүнү эс алуу аймактарында ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Каалоочулар аларга кайрылып кытайлык Синофарм вакцинасын сайдыра алат.   Түйүндөр Курманжан датка эстелигинин жанында жана Ден-соолук паркынын аймагындагы медпунктта жайгашкан.   Жарандардын жанында паспорту болушу керек. Эмдөө түйүндөр күн сайын… Кененирээк…

Кувейттин экономикалык кызматташтык боюнча фонду Кыргызстан өкмөтүнө насыя катары дээрлик 30 миллион доллар бөлүп берет

Кувейттин экономикалык кызматташтык боюнча фонду Кыргызстан өкмөтүнө насыя катары дээрлик 30 миллион доллар бөлүп берет.   Каражат Ысык-Көл облусундагы шакекче жолдун Корумду – Балбай тилкесин калыбына келтирүүгө жумшалат.   Оңдоло турган трассанын жалпы узундугу 80,5 чакырымды түзөт. Министрлер кабинетинен ишендиришкендей, аталган жолду оңдоо менен Казакстан… Кененирээк…

Кыргызстандын “Шамбала” тасмасы Италиядагы кинофестивалда тартууланат

Кыргызстандын “Шамбала” тасмасы Италиядагы кинофестивалда тартууланат.   Иш-чара 22-сентябрдан 29уна чейин өтөт. Картина бир нече номинациялар боюнча көрсөтүлдү, анын ичинде мыкты саундрек номинациясы дагы бар.   Кошумчалап кетсек, “Шамбала” тасмасы Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде тартылган.

Өлкөнүн колледждерине абитуриенттерди кабыл алуу 3 этап менен жүргүзүлөт

Өлкөнүн колледждерине абитуриенттерди кабыл алуу 3 этап менен жүргүзүлөт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, биринчи тур кечээ старт алып, 19-июлга чейин созулат.   Экинчиси 269-июлдан 2-августка чейин, ал эми үчүнчүсү  9-августтан 18ине чейин. Ал эми медициналык колледжерге кабыл алуу өзүнчө өтөт.

Кыргызстанга келген бир дагы турист коронавирус жуктурган жок

Кыргызстанга келген бир дагы турист коронавирус жуктурган жок.   Бул тууралуу 24 агенттигине Туризм департаментинен билдиришти. Соңку жарым жылдын ичинде Кыргызстанга 1 миллиондой турист келди.   Алар Өзбекстан, Казакстан жана Россиянын тургундары. Андан тышкары, Европа, араб мамлекеттеринен, Япония, Индиядан дагы келгендер бар. Ведомстводон белгилешкендей, туризм… Кененирээк…

Ошто коронавирустан эмдөө  үчүн күнү-түнү иштей турган түйүндөр ачылды

Ошто коронавирустан эмдөө  үчүн күнү-түнү иштей турган түйүндөр ачылды.   Түштүк калаанын мэриясынан билдиришкендей, жарандар тез жардам кызматынын станцияларында, Ак-Тилек кичи районундагы шаардык ооруканада жана Курманжан Датка көчөсүндөгү оорукананын эски имаратында эмделе алат.   Эске салсак, кечээ Ош шаарында кытайлык Синофарм вакцинасынын 50 миң дозасы… Кененирээк…

Кыргызстандын энерго тармагынын карызы 132 миллиард сомго жетти

Кыргызстандын энерго тармагынын карызы 132 миллиард сомго жетти.   Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин маалыматына ылайык, сумманын басымдуу бөлүгүн, же 127 миллиард сомду өлкөнүн эки ири энерго компаниясы карыз – “Улуттук энерго холдинг” жана “Электр станциялары”. “Электр станцияларынын” бересеси ЖЭБ жана Токтогул ГЭСтерин калыбына келтирүүгө алынган… Кененирээк…

Кыргызстанда 140 миңден ашык адам эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда 14-июлга карата коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 140 922 адам алды. Экинчи доза менен 84 147 адам эмдөөдөн өттү (вакцина бир адамга эки дозада сайылат, ортодогу аралык үч жума болот).   Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. 11-июль күнү Кыргызстанга Кытайдан… Кененирээк…

Instagram профилдин коопсуздугун бекемдөө үчүн жаңы функциясын ишке киргизет

Instagram профилдин коопсуздугун бекемдөө үчүн жаңы функциясын ишке киргизет.   13-июлдан тарта Security Checkup функциясы кимдин аккаунту бузулган болсо, аны коргоо үчүн бир канча этаптан өтүүнү сунуштайт.   Колдонуучулар аккаунтка бөтөн адам киргенин, баракчадагы маалыматтардын тууралыгы, башка профилдер менен байланыштар сыяктуу жагдайларды текшере алат.