Абу-Даби шаарында “Балмуздак лабораториясы” ачылды
Абу-Даби шаарында “Балмуздак лабораториясы” ачылды. Анда каалоочулар бул таттуу азыктын 1 миң 1 түрүн даамдап көрө алат. Менюда адаттагы балмуздактардан тышкары, ойго келбей турган айкалыштары дагы бар. Бул азыктын эң чоң түрү сунушталгандыктан, “Балмуздак лабораториясы” Гиннес рекорддор китебине катталды.