Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унду арзан баада сатат

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду унду арзан баада сатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Мекеме республикада бааларды турукташтыруу жана рынокту толтуруу үчүн ундун эң жогорку сортунун 1 килограммы 27 сом, биринчи сорттогу ундун баасы 1 килограммы 25 сомдон сатарын маалымдайт. Сатып алууну каалагандар төмөнкү даректерге… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандар үчүн эки көчмө калкты тейлөө борбору ачылат

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандар үчүн эки көчмө калкты тейлөө борбору ачылат.   Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, алар Кадамжай, Баткен жана Лейлек райондорунда 22-июлдан 22-сентябрга чейин иштейт.   Жергиликтүү тургундар алардан жашаган жери боюнча каттоого туруп же документтерди алууга арыз таштап, ар кандай пособиелерди каттатып… Кененирээк…

Курман айтта мечиттерде бир катар чектөөлөр киргизилет

Курман айтта мечиттерде бир катар чектөөлөр киргизилет.   Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, айт намаз мечиттерде гана окулат, келген жарандардын баары бет кап тагынып, ортодогу 1,5 метр аралык сакталышы шарт.   Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат. Дене табы көтөрүлгөндөр, сыркоологондор жана жаш балдар мечитке… Кененирээк…

Облус жетекчилери эми президентке баш ийет

Облус жетекчилери эми президентке баш ийет. Садыр Жапаров президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жарлыгына кол койду.   Ага ылайык, өкүл өзү жетектеген аймакта өлкө башчы аныктаган мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат.   Ал президенттин демилгеси же Министрлер кабинетинин төрагасынын сунушу менен кызматка… Кененирээк…

Бекбосун Бөрүбашев президенттин кеңешчиси болду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 16-июлда кол койгон жарлыкка ылайык, Бекбосун Бөрүбашев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.   Бөрүбашев укуктук маселелер боюнча эксперт катары белгилүү. 2020-жылы ноябрь айында ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов аны Конституциялык кеңешменин төрагасы кылып дайындаган.   Быйыл 5-майда өлкө башчы Садыр… Кененирээк…

УЕФА Европа чемпионатынын эң кооз голун тандады

УЕФА Европа чемпионатынын эң кооз голун тандады. Мыкты аткаруу менен Чехия курамасынын чабуулчусу Патрик Шик өзгөчөлөндү. Ал турнирдин тайпалык бөлүгүндө Шотландия командасына топ киргизген.   Эске салсак, Чехия курамасы Европа чемпионатынын жарым чейрек финалына жетип, Данияга 1:2 эсебинде утулуп калган.

Бишкектин Кривоносов көчөсү 18-июлдан тарта оңдоо иштерине жабылат

ремо Бишкектин Кривоносов көчөсү 18-июлдан тарта оңдоо иштерине жабылат.   Мэриядан билдиришкендей, иштер анын Лев Толстой – Тойгонбаев көчөлөрүн камтыган тилкесинде аткарылат.   Кайра калыбына келтирүүдөн кийин көчөнүн кеңдиги 7 метрди түзөт. Ошондой эле, ирригациялык тармак өткөрүлүп, тротуарлар салынат. Айдоочуларга альтернативалык вариант катары Крылов жана… Кененирээк…

Ошто катуу жаагандан жаандан кийин таза суу өчүрүлдү

Ошто катуу жаагандан жаандан кийин таза суу өчүрүлдү. “Ош суу каналы” ишканасынын маалыматына ылайык, учурда суу бир нече кичи райондордон тышкары, бүт шаар аймагында жок.   Суу качан берилет – белгисиз. Сууну жергиликтүү тургундар суу дарбазасына  келип алып кетсе болот, — дешти ишканадан.

Кыргызстанда социалдык дарыканалар ачылууда

Кыргызстанда социалдык дарыканалар ачылууда. Биринчиси Ош облусунда пайда болот, — деди Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Анын айтымында, аларда 1-2-топтогу майыптар бардык препараттарды  25 пайыз менен алса, башкаларга 15 пайыздык арзандатуу каралган. Андан кийин социалдык дарыканалар Жалал-Абад облусунда, андан соң өлкөнүн башка аймактарында… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда селден каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө каржылык колдоо көрсөтүлдү

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда селден каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө каржылык колдоо көрсөтүлдү. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, дароо алты адам каза тапкан үй-бүлөгө президенттин атынан 1 миллион сом берилди.   Дагы үй-бүлөгө 100 миң сомдон тапшырылды. Министрлер кабинетинин жетекчисинин фондунан 6 каза тапкандардын жакындарына 300 жана 50… Кененирээк…