Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанатында Кыргызстан туусун ок атуу боюнча чебер Каныкей Кубанычбекова көтөрүп өтөт

Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанатында Кыргызстан туусун ок атуу боюнча чебер Каныкей Кубанычбекова көтөрүп өтөт.   Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бул кураманын капитаны Атабек Азисбеков Токиого кийинчирээк учуп бара турганына байланыштуу.   Эске салсак, жайкы Олимпиада оюндары 23-июлда башталып, 8-августта жыйынтыкталат. Кыргызстандык спортчулар 16… Кененирээк…

Балдарды мектепке даярдоо чыгымдары жыл ичинде 13 пайызга кымбаттап, учурда 13 миң сомду түздү

Балдарды мектепке даярдоо чыгымдары жыл ичинде 13 пайызга кымбаттап, учурда 13 миң сомду түздү. Мындай маалымат соңку изилдөөлөрдүн жыйынтыгында белгилүү болду.   Эксперттер канцелярия товарлары, мектеп формасы, бут кийим жана жана рюкзактардын баасын эске алды. Сентябрга аз калганда баалар дагы өзгөрүшү мүмкүн, — дешет адистер.

Максат айылындагы орто мектеп 1-сентябрда окуучуларды тосуп алат

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын жүрүшүндө талкаланган Максат айылындагы орто мектеп 1-сентябрда окуучуларды тосуп алууга даяр. Бул тууралуу Улукбек Марипов билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.   Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов президенттин тапшырмасы менен Баткен облусуна кеткен.   «Мектепти калыбына келтирүү иштери толугу менен бүткөрүлгөн.… Кененирээк…

Той-аштын чыгымын азайтуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды

Той-аштын чыгымын азайтуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.   Парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо комитети той-топурларды, маркумду акыркы сапарга узатуу ырым-жырымдарын тартипке келтирүү жөнүндөгү мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда кабыл алды.   Долбоорго ылайык, үй-бүлө салтанаттары, ырым-жырымдар жана иш-чаралар 100дөн ашпаган адамды… Кененирээк…

Жалал-Абадда селден жабыркагандар чатырларга көчүрүлөт

Жалал-Абадда селден жабыркагандар чатырларга көчүрүлөт.   Облус жетекчиси Абсаттар Сыргабаев билдиргендей, алгач үй-жайын суу алган тургундарга шарт түзүлөт. Жабыркаган объектилерди калыбына келтирүү жумуштарына кошумча күч жана техникалар тартылат.   Авариялык абалга келген үйлөрдүн жашоочулары   25 чатырга жана мектептин спорт залына көчүрүлмөй болду. Чаңгыр-Таш айылында 20-июлда… Кененирээк…

Бишкектин Рухий-Мурас конушунда жаңы мектеп курулат

Бишкектин Рухий-Мурас конушунда жаңы мектеп курулат. Мэриядан билдиришкендей, жалпы билим берүү мекемеси 700 орунга ылайыкташкан. Долбоордун сметалык документтери толук бүткөн.   Учурда мамлекеттик сатып алуулар порталында тендер өткөрүлүүдө.

Кыргызстанда мугалимдердин көбү эмделсе, окуу жылы салттуу режимде башталат

Кыргызстанда мугалимдердин көбү эмделсе, окуу жылы салттуу режимде башталат. Бул тууралуу 24 агенттигине Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.   Анын айтымында, мугалим жана техникалык кызматкерлердин басымдуу бөлүгү эмделиши керек. Бул жатта Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте иш жүрүп жатат.   Эгер буга… Кененирээк…

Кыргызстанга Азербайжандан келген 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы аймактарга бөлүштүрүлөт

Кыргызстанга Азербайжандан келген 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы аймактарга бөлүштүрүлөт.   Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысованын айтымында, препаратты бардык, анын ичинде өлкөдөн чыга турган каалоочулар ала алат.   Эске салсак, AstraZeneca вакцинасы  эки компоненттүү.   Июлдун аягына чейин COVAX программасынын алкагында дагы бир партия… Кененирээк…

Нидерландыда жергиликтүү компания пляжда таштанды чогулта турган робот ойлоп тапты

Нидерландыда жергиликтүү компания пляжда таштанды чогулта турган робот ойлоп тапты.   4 дөңгөлөктүү ровер жасалма интеллект менен камсыздалган, анда атайын эки камера орнотулган.   Алар пляждагы таштандыны көрүп, аларды терип, таштандыга ыргытып турат. Машина тынымсыз 1 саат иштеп, андан кийин кубаттоого жөнөтүлөт.

Бишкекте Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата аскердик парад өтөт

Бишкекте Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата аскердик парад өтөт. Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, 31-августта Ала-Тоо аянтына жеке курамдын 19 параддык эсеби чыгат.   Андан тышкары, Куралдуу күчтөрдүн аскердик техникасы жүрүштөн өтөт. Эске салсак, быйыл Кыргызстан Эгемендүүлүгүнө 30 жыл толот.