Кытайдын Хэнань провинциясында суу ташкынынан каза тапкандардын саны 33кө жетти

Кытайдын Хэнань провинциясында суу ташкынынан каза тапкандардын саны 33кө жетти. Жергиликтүү администрациянын маалыматына ылайык, кооптуу аймакта үч миллиондон ашык тургун бар. Провинцияга бир жылдык жаан-чачындын нормасы 6 күндө эле жаады. Анын кесепетинен 10 миллион тургуну бар Чжэнчжоу шаары суу алдында калды. Жаан нөшөрлөп жааганынан улам,… Кененирээк…

Россияга ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн келген жарандар 25-июлдан тартып «COVID-19суз саякатта” тиркемесин милдеттүү түрдө жүктөшү керек

Россияга ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн келген жарандар 25-июлдан тартып «COVID-19суз саякатта” тиркемесин милдеттүү түрдө жүктөшү керек. Өкмөттүн токтомуна ылайык, талап алгач Армения, Беларус, Кыргызстан жана Казакстандын жарандарына киргизилсе, 1-сентябрдан тартып Азербайжан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын жарандарына дагы тиешелүү болот. Кошумчаласак, аталган мобилдик тиркеме быйыл февралда… Кененирээк…

Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дайындалды

Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дайындалды. Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, облустарга дайындалган өкүлдөрдүн тизмеси боюнча Абдикарим Алимбаев — Баткенге, Сабыркул Ашимбаев — Нарынга,  Зиядин Жамалдинов — Ошко, Мирбек Кожоев —Ысык-Көлгө, Бакытбек Нарбеков — Таласка жана Абсаттар Сыргабаев —Жалал-Абадга, ошондой эле Эркин Тентишев —Чүй… Кененирээк…

Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуунун экинчи туру эртең аяктайт

Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуунун экинчи туру эртең аяктайт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан кабыл алуу процедурасы 3 этапка бөлүнгөн. Эми үчүнчүсү 26сынан 31-июлга чейин өтөт. Кабыл алуу “Абитуриент онлайн” сайты аркылуу жүргүзүлөт.

Экономика жана каржы министринин орун басары дайындалды

Экономика жана каржы министринин орун басары дайындалды. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жаңы кызматка Жарасул Абдураимов бекитилди. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Белгилеп кетсек, Абдураимов буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болчу.

Талас облусунда сел жүрүп, унаа өтүүчү көпүрө бузулду

Талас облусунда сел жүрүп, унаа өтүүчү көпүрө бузулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Шилбили өзөнүн каптаган суу массасы Кара-Буура – Чаткал унаа жолунун 15-чакырымын каптады. Андан улам, жол эки тараптуу жабылып 30га жыкын унаа жана андагы жүргүнчүлөр токтотулду. Жабыркагандар катталган жок. Куткаруучулар жеринде иштеп жатат, тазалоо… Кененирээк…

Кыргызстанда ушул жуманын аягында аномалдуу ысык болот

Кыргызстанда ушул жуманын аягында аномалдуу ысык болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, дем алыш күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы күндүз +38…+40 градуска чейин жогорулайт. Куткаруучулар жарандарга күн алдында көпкө жүрбөй, ден-соолукка кам көрүүнү сунушташат.

Пандемиянын туризмге тийгизген терс таасиринен улам дүйнөлүк экономика триллион доллар жоготууну улантууда

Пандемиянын туризмге тийгизген терс таасиринен улам дүйнөлүк экономика триллион доллар жоготууну улантууда. Бул тууралуу Бирикке улуттар уюмунун эксперттери жарыялашты. Алардын маалыматы боюнча, 2020-жылы чыгым дээрлик 2,5 триллион долларга бааланды. Ушундай эле суммадагы чыгым быйыл дагы болушу ыктымал. Туристтердин саны 1 миллиардга кыскарды. Эксперттердин пикиринде, эл… Кененирээк…

Бишкекте алдыңкы 3 күндө ысык катуу болот

Бишкекте алдыңкы 3 күндө ысык катуу болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, жекшембиде күн өзгөчө ысыйт. Күндүз ордо калаада абанын табы +40 градуска чейин жетип, шамалы жок үп болот. Куткаруучулар ысык күндөрдө коргонуу чараларын эскертишет. Бул күндөрү түз тийген күн нурунан сактанып, эртең менен же кечки саат… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстанда түшүм 20-25 пайызга аз жыйналат

Быйыл Кыргызстанда түшүм 20-25 пайызга аз жыйналат. Бул тууралуу айыл, суу-чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, буудайдын жетишсиздиги күчөйт, бирок ички рыноктогу бааларды жөнгө салуу боюнча кризиске каршы чаралар өз маалында көрүлөт. Алсак, Казакстан жана Өзбекстандан буудай сатып алуу үчүн мамлекеттик… Кененирээк…