Кыргызстанга келген AstraZeneca вакцинасы аймактарда кийинки жумада жеткиликтүү болот

Кыргызстанга келген AstraZeneca вакцинасы аймактарда кийинки жумада жеткиликтүү болот. Учурда жеткирүү иштери жүрүүдө. Препарат Бишкекке жана Чүйгө – 10 миңден, Ошко – 6 миң; Жалал-Абадга, Ысык-Көлгө – 4 миңден, Нарын, Талас, Баткенге – 2 миңден берилет. Эмдөөнү 2 доза менен 18 жаштан жогорку бардык жарандар… Кененирээк…

Таласта Кара-Буура – Чаткал унаа жолу тазаланып кыймылга ачылды

Таласта Кара-Буура – Чаткал унаа жолу тазаланып кыймылга ачылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, калдыктарды тазалоо иштери бүгүн да уланууда. Эске салсак, шаршембиде Шилбили өзөнүнөн сел жүрүп, жайлоого бачу жолду жана мамлекеттик маанидеги чоң көпүрөнү суу каптаган. Андан улам 30га жакын унаа токтотулуп, 150 адам райондун… Кененирээк…

Доллар 1,5 айдан бери алгачкы ирет 40 тыйынга арзандады

Доллар 1,5 айдан бери алгачкы ирет 40 тыйынга арзандады. Бүгүн ордо калаадагы акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 84 сом 10 тыйындан сатып алып, кайра 40 тыйынга кымбат сатышууда. Ал эми Улуттук банк бекиткен курс боюнча 84 сом 38 тыйын чегинде кармалып турат.

Жогорку Кеңеш “Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга кайтарып берди

Жогорку Кеңеш “Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга кайтарып берди. Бул тууралуу парламенттин сайтында жазылды. Аталган мыйзам долбоорду талкуулоодо депутаттар министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө мамлекеттик сыйлык ыйгарылган учурда аларга кол тийбестик берүү жөнүндөгү жобого көңүл бурушту. Андан тышкары, депутаттар Министрлер кабинетинин мүчөлөрү кызматтык турак-жайдан… Кененирээк…

Бишкекте COVIDге каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө башталды

Бишкекте COVIDге каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө башталды. Эмдөө № 2, 3, 5, 7, 15 үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда жана студенттер бейтапканасында жеткиликтүү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, препарат эки дозадан турат жана аны 18 жаштан жогорку бардык жарандар алса болот. Эске салсак, 16-июлда Азербайжан Кыргызстанга гумжардам… Кененирээк…

Түркияда дагы нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрдү

Түркияда дагы нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрдү. Кечээ өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Артвин провинциясынын Архави аймагында суу ташкындады. Дарыянын суусу жээктен ашып, райондун борбору жана айыл жолдорун каптады. Ушундай эле көрүнүш Ризе провинциясындагы Фындыклы аймагында дагы катталды. Учурда аталган аймактарда куткаруу иштери жүрүп жатат. Түркия бийлигинин… Кененирээк…

Быйыл жарым жылдыкта калктын бийликке болгон ишеним индекси төмөндөдү

Быйыл жарым жылдыкта калктын бийликке болгон ишеним индекси төмөндөдү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, калктын ишеним көрсөтпөгөн органдардын сап башына Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттиги, Юстиция, Саламаттыкты сактоо, Унаа жана коммуникациялар, Экономика жана каржы, Айыл чарба, ошондой эле ички иштер министрликтери чыкты. Ал эми элдин… Кененирээк…

1-сентябрга чейин мугалимдердин 70 пайызы эмдөөдөн өтпөсө, мектепте билим берүү онлайн-режимде башталышы ыктымал

1-сентябрга чейин мугалимдердин 70 пайызы эмдөөдөн өтпөсө, мектепте билим берүү онлайн-режимде башталышы ыктымал. Бул тууралуу Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди. Учурда республиканын бардык мектептеринде жаңы окуу жылына карата даярдык көрүлүп, оңдоо жумуштары аткарылууда. Ошондой эле «жашыл» жана «кызыл»… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 318 миң, экинчи дозасын 104 миң жаран алды

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 318 миң, экинчи дозасын 104 миң жаран алды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев билдирди. Анын айтымында, өлкө аймагында жалпысынан 847 эмдөө түйунү иштеп жатат. Эске салсак, 11-июлда Кыргызстанга Кытайдан “Синофарм” вакцинасынын 1… Кененирээк…

Кыргызстанда быйыл 6 айда жол кырсыгынан 329 киши каза тапты

Кыргызстанда 2021-жылдын алгачкы алты айында 3400дөй жол кырсыгы катталып, андан 329 киши каза болду. Дагы 5000 адам жаракат алды. Бул тууралуу жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын штабынын жетекчиси Өткүрбек Умаров билдирди. “Жол кырсыктарынын 84% айдоочулардын күнөөсүнөн болуп жатат. Алардын ичинен бир жыл тажрыйбасы бар айдоочулардын күнөөсүнөн… Кененирээк…