Синоптиктер Бишкекте эртең жана бүрсүкүнү өтө ысык болорун эскертет
Синоптиктер Бишкекте эртең жана бүрсүкүнү өтө ысык болорун эскертет. Алардын маалыматына ылайык, күндүз абанын табы +40 градуска чейин жетет. Куткаруучулар ысык күндөрдө коргонуу эрежелерин эскертет. Колдон келишинче түз тийген күн нурунан сактанып, эртең менен же кечкисин сейилдөө сунушталат.