Дүйнөдө мамлекеттик карызы көп өлкөлөр аталды

Дүйнөдө мамлекеттик карызы көп өлкөлөр аталды. РИА Новости жарыялагандай, биринчи сапта Япония жайгашат. Бул өлкөнүн карызы ички дүң продукциясынан 234 пайызга көп. Ал эми Улуу Британияныкы 144 пайызга жогору болсо, АКШныкы 160 пайызга барабар. Андан кийинки саптарда евро валютасын колдонгон өлкөлөр турат. Белгилеп кетсек, Кыргызстандын… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну өттү

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну өттү. Учурда вируска чалдыккандардын саны төмөндөп баштады, — деди АКИпресске саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Болжолдоолор боюнча ооругандардын санынын азайышы уланат. Акыркы суткада 973 жаңы учур катталды. Бул акыркы айдагы эң төмөнкү көрсөткүч. Ал эми эң жогоркусу 30-июнда 1 миң 965ке… Кененирээк…

Роман Петров Олимпиада оюндарында 32-орунду ээледи

Кыргызстандын фехтование боюнча спортчусу Роман Петров Олимпиада оюндарында 32-орунду ээледи. Ал кечээ, 25-июлда күч сынашкан. Петров 1/32 финалдык баскычта түштүк кореялык спортчуну жеңген. Бирок кийинки баскычта фехтование боюнча дүйнөлүк рейтингде 4-орунда турган япониялык Ямада Масару менен беттешип, жеңилүү ызасын тартты. Жыйынтыгында алтын медалды Франциянын спортчусу жеңсе, Петров… Кененирээк…

Кыргызстан боюнча күнү-түнү эмдөө түйүндөрү иштеп жатат

Кыргызстан боюнча күнү-түнү эмдөө түйүндөрү иштеп жатат. Бишкекте үчөө — №5-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда №15 жана студенттик бейтапканада, — деди Мамлекеттик санэпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун бөлүм жетекчиси Бурул Асыкбекова. Ал эми Ош шаарында: тез жардам кызматында, “Ак Тилек” жана шаардык бейтапканада, Ысык-Көлдө экөө – Караколдун медициналык колледжинде… Кененирээк…

Жогорку кеңеш комитети 33 миллион еврого газ менен жүрө турган автобустарды сатып алуу үчүн насыя алуу келишимин жактырды

Жогорку кеңеш комитети 33 миллион еврого газ менен жүрө турган автобустарды сатып алуу үчүн насыя алуу келишимин жактырды. Аталган суммага Европада жасалган 250дөн ашык автобус алуу пландалууда. Эми Жогорку Кеңеш келишимди ратификациядан өткөрүүнү сентябрда карайт. Карызды Европа кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы 12 жылдык… Кененирээк…

Кыргызстанда эми мамлекеттик ипотеканы бардык жарандар ала алат

Кыргызстанда эми мамлекеттик ипотеканы бардык жарандар ала алат. Турак жай боюнча “Менин үйүм 2021-26» программасы күчүнө кирди. Тагыраагы, эми турак жайлар 4 пайыздык чен менен 25 жылга берилет, — дешти “Азаттыкка”  Мамлекеттик ипотекалык компаниядан. Андан тышкары, баштапкы төлөм талап кылынбайт. Кошумчаласак, Кыргызстанда мамлекеттик ипотека системасы… Кененирээк…

Быйылкы Олимпиада оюндарынын эң кымбат катышуучулары аталды

Быйылкы Олимпиада оюндарынын эң кымбат катышуучулары аталды. Тизменин лидери АКШ курама командасынын баскетбол боюнча чабуулчусу Кевин Дюрант. Анын кирешеси 75 миллион долларга бааланат. Экинчи орунда япониялык теннисчиси Наоми Осака 60 миллион доллар менен жайгашты. Үчүнчүдө АКШ курамасынын дагы бир баскетболчусу Дамиан Лиллард турат. Анын кирешеси… Кененирээк…

Ысык-Көлдө алдыңкы 3 күн бою өтө ысык аба-ырайы күтүлөт

Ысык-Көлдө алдыңкы 3 күн бою өтө ысык аба-ырайы күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эс алуучуларга бир катар сунуштарды берет. Күнгө күйүүнү каалагандар процедураны коргоочу кремдерди колдонуу менен эртең мененки саат 11ге чейин же кечки 5тен кийин жасашы керек. Күнгө күйүү өзгөчө сууга түшүү маалында же суунун… Кененирээк…

Кыргызстанда эмдөөдөн өткөндөрдүн саны жарым миллионго жакындады

Кыргызстанда эмдөөдөн өткөндөрдүн саны жарым миллионго жакындады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, анын 352 миң 877си биринчи дозаны алса, 107 миң 826сы экинчини алды. Кошумчаласак, Кыргызстанда жашоо пандемияга чейинкидей болушу үчүн жана бизнестин толук иштешине калкытын 70 пайызы эмдөөдөн өтүшү керек. Бул 4,5 миллион адамдан… Кененирээк…

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мигранттарына пенсиялар пенсия курагына жеткенден кийин төлөнө баштайт

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мигранттарына пенсиялар пенсия курагына жеткенден кийин төлөнө баштайт. Соцфонддон билдиришкендей, кыргызстандыктар биримдиктеги өлкөдөрдө мыйзамдуу иштесе төлөмдөрдү ала алышат. Алсак, Россия өзүнүн мыйзамына ылайык акчаларды жаран пенсияга чыккандан кийин которо баштайт. Эске салсак, ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштегендерди пенсия менен камсыздоо тууралуу макулдашуу былтыр күчүнө кирген.