Кыргызстанга «QazVac» казак вакцинасынын 25 миң дозасы келди

Кыргызстанга «QazVac» казак вакцинасынын 25 миң дозасы келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Аталган вакцинаны 18 жаштан жогорку бардык каалоочулар алса болот. Биринчи жана экинчи дозанын ортосундагы аралык 21 күндү түзөт. Кошумчаласак, «QazVac» вакцинасы Казакстанда иштелип чыкты. Бүгүнкү күнгө карата препарат менен 300 миңден… Кененирээк…

Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов кызматтан кетти

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчисинин (муфтий) орун басары Кадыр Маликов кызматтан кетти. Маликов бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Маликов 12-февралда кызматынан убактылуу четтей туруу жөнүндө арыз жазган. 11-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан Максатбек Токтомушевдин арызын карап,… Кененирээк…

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эскертишкендей, 31-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү ыктымал. Андан улам, жарандарга этият болуу сунушталат.

Бишкекте дагы 3 көчөдө унаалардын кыймылына чектөө киргизилди

Бишкекте дагы 3 көчөдө унаалардын кыймылына чектөө киргизилди. «Бишкекасфальтсервис» ишканасы Кой-Таш, Республика жана Месарош көчөлөрүнүн бир бөлүгүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрөт. Аталган тилкелерге жаңы асфальт катмары төшөлөт, тротуар, бордюр, люктар жана ирригациялык тармактар пайда болот. Учурда иштер планга ылайык башталып, жолдордогу эски асфальт алынууда

Эртең Кыргызстанга коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасынын дагы бир партиясы келет

Эртең Кыргызстанга коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасынын дагы бир партиясы келет. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенаписова билдирди. Анын айтымында, препараттын 226 миң дозасы COVAX программасы аркылуу келет. Бул 113 миң адамга жетет. Эске салсак, буга чейин Азербайжан биздин өлкөгө аталган вакцинанын 40 миң… Кененирээк…

Хабиб Нурмагамедов Россиянын ийгиликтүү жылдыздарынын рейтингинде биринчи орунду ээледи

Хабиб Нурмагамедов Россиянын ийгиликтүү жылдыздарынын рейтингинде биринчи орунду ээледи. Forbes басылмасынын изилдөөсүнө ылайык, UFCнин мурдагы чемпиону бир жылда 12 миллион доллар киреше тапты. Экинчи орунда рэп ырчысы Алишер Моргенштерн. “Ленинград” тобунун мурдагы лидер Сергей Шнуров 5-орунда. Алтынчы сапта хоккей спортчусу Александр Овечкин болсо, 9-орунда футболчу… Кененирээк…

Быйыл Кыргыстанда никеге туруп жана ажырашкандар көбөйдү

Быйыл Кыргыстанда никеге туруп жана ажырашкандар көбөйдү. Улуттук статистика комитетинин демография бөлүмүнүн жетекчиси Гульхумар Абдуллаева билдиргендей, быйыл январдан майга чейин ЗАГС бөлүмдөрү өлкө боюнча 20 миң 315 никени каттады,бул, былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1,6 эсеге көп. Ошондой эле аталган мөөнөт аралыгында мыйзамдуу түрдө… Кененирээк…

Бишкекте дароо 5 көчө оңдоо иштери үчүн жабылат.

Бишкекте дароо 5 көчө оңдоо иштери үчүн жабылат. Мэриядан билдиришкендей, кеп, Шабдан Баатыр, Турусбеков, Элебаев, Тимур Фрунзе жана Маликов көчөлөрүн бир бөлүгү тууралуу болуп жатат. Ондоо иштеринен кийин унаалар өтө турган жолдун кеңдиги 9 метрге чейин жетет. Элебаев көчөсүн куруу менен бирге унаа токтотуучу жай… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң кымбат картошка фри Нью-Йоркто жасалат

Дүйнөдөгү эң кымбат картошка фри Нью-Йоркто жасалат. Фастфуд сүйүүчүлөрү бул үчүн 200 доллар төлөшү керек. Фрини жогорку сорттогу картошкадан жана атайын Франциядан алып келинген трюфелдик сырдан жасашат. Ал жаңгак даамы менен өрдөктүн таза майына куурулат. Тамак даяр болгондон кийин үстүнө жей турган алтын порошок себилет.

Бишкектиктердин электр энергиясы үчүн карызы 12 миллион сомдон ашты

Бишкектиктердин электр энергиясы үчүн карызы 12 миллион сомдон ашты. “Түндүк электрден” эскертишкендей, 2,5 миңге жакын керектөөчүнүн жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Андан улам электр энергиясына болгон карызды өз маалынан кечикпей төлөө сунушталат. Береселерди почта бөлүмдөрүнөн, электрондук капчык же терминал аркылуу төлөсө болот. Карыздар тууралуу маалымат 1209 номери… Кененирээк…